Рондо-соната - сонаталык түзүлүш менен рондонун белгилерин өзүнө бириктирген музыкалык түзүлүш.

Рондо-соната сонаталык түзүлүштүн жалпы тоналдык планын, эки негизги теманы(башкы, жардамчы) көрсөтүүнү, биринчи эпизод болгон жардамчы теманы башка тоналдууЛукка өткөрүүнү,ал эми рондодон рефренди (башкы теманы) негизги тоналдуулукта кайталоону, ыр-бийге жакын обондуулукту жана анын толук иштетилип бүткөн жыйнактуулугун өзүнө камтыган.

Рондо-соната Веналык классик композиторлор мектебинин чыгармаларында калыптанып, колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.