Рур (нем. Ruhr) – Германиядагы дарыя, Рейндин оң куймасы. Узундугу 235 км, алабынын аянты 4,5 мин км2дей. Зауэрланд тоосунан башталып, төмөнкү агымы Түндүк Германия ойдуңунун түштүк чети боюнча агып өтөт. Орточо чыгымы 70 м3/сек. Рурга 6 суу сактагыч, ГЭС курулган. Виттен шаарына чейин кеме жүрөт. Эмс дарыясы менен канал аркылуу туташкан Рур дарыясын бойлото Рур көмүр бассейни жатат. Боюнда Винтерберг, Дортмунд Эссен шаары, чатында Дуйсбург-Рурорт порту жайгашкан.

Рур.
Рур.

Колдонулган адабияттар түзөтүү