Рэйчел Анна Макадамс (англ. Rachel McAdams;1978-жылдын 17-ноябрында туулган) - канадалык актриса. Ал Йорк университетиндеги төрт жылдык театралдык студияны 2001-жылы бүтүргөндөн кийин, алгач канадалык телеканалда эмгектенген. 2002-жылы тартылган "Сонун Пирог" (англ. Perfect Pie) деген фильмде роль жараткан жана аталган фильм үчүн "Жени" сыйлыгын алган. "Менин атым Танино" (англ. My name is Tanino) жана "Салмоор жана Жебелер" (англ. Slings and Arrows) тасмалары үчүн "Жемини" сыйлыгына татыктуу болгон. 2002-жылы ал өзүнүн Голлливуддагы дебюттук ролун "Балапан" (англ. Hot Chick) тасмасында ойногон. Р. Макадамсты атактуулукка жеткирген тасмалар - "Жаман кыздар" (англ. Mean Girls) жана "Күндөлүк" (англ. The Notebook) болду. 2005-жылы " Күтүлбөгөн коноктор" (англ. Wedding Crashers), "Кызыл көз" (англ. Red Eye) жана " Ынтымактуу үй-бүлө" (англ. The Family Stone) тасмаларында роль жараткан. Медиа каражаттары тарабынан Р. Макадамсга Голливуддун "жаңы жылдыз (селкиси)" (ит гиөл) деген популярдуу наам ыйгарылган жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын "Жаңыдан чыгып келаткан эң мыкты актриса" сыйлыгын алган[1].

Эки жылдык чыгармачылык тыныгуудан соң Р. Макадамс 2008-жылы прокаты чектелген "Үй-бүлөлүк турмуш" (англ. Married Life) жана "Бактылуу бири" (англ. The Lucky Ones) деген криминалдык драмаларда ойнойт. Актриса сахнадагы атактуулукка кайрадан "Оюндун жүрүшү" (англ. State of Play), "Убакыт саякатчысынын жубайы (англ. The Time Traveler's Wife), "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock Holmes) тасмаларындаги ролдору аркылуу жетишкен. 2010-жылы актрисага ылайыкташтырылып жазылган "Таңкы жарык" (англ. Morning Glory) тасмасында ойногон. 2015-жылы Р. А. Макадамстын эң мыкты ролдору Home Box Office компаниясы тарабынан тартылган "Чыныгы детектив" (англ. True Detective) криминалдык драмасынын экинчи сезонундагы жана "Прожектор" ( англ. Spotlight) (журналист Саша Пфайфер)тасмаларына таандык. Актриса аталган фильмдеги ролу үчүн " Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Рэйчел МакАдамс: кызыктуу фактылар