РязаньРоссия Федерациясындагы шаар. Рязань облусунун административдик борбору. Ока дарыясынын Трубеж дарыясына куя беришинде жайгашкан пристань. Калкы 510,0 миң (2009). Темир жол түйүнү. Машина куруу (заводдору: «Тяжпрессмаш», станок куруу, автомобиль агрегаттары, прибор куруу, металл карапа аспаптарын чыгаруу), нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Төрт Жогорку окуу жайы, 3 театр, тарыхый-архитектуралык музей-корук, сүрөт музейи, И. П. Павловдун үй-музейи (ушул шаарда туулган) бар.

Рязань.

11-кылымдын аягында негизделген. 1778-ж. чейин Переяславль-Рязанский аталган. 13-кылымдан Рязань княздыгынын борбору. Кремль ансамбли [анын ичинде Успенье (1693–99), Архангель (15-кылым) соборлору, Архиепископ палатасы («Олег сарайы», 17-кылым)], Спас монастырь комплекси (17–18-кылымдар), 17-кылымга таандык көптөгөн чиркөөлөр сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү