Саади (өз аты-жөнү — Муслихаддин Абу Мухаммед Абдаллах ибн Мушрифаддин; 1203-10-жылдары чен, Шираз - 9. 12. 1292, ошол эле жер) — фарсы акыны жана ойчулу. Багдаддагы «Низамия» медресесинен окуган. 20 жылдан ашуун дервиштин кийимин кийип, мусулман жерлерин кыдырган, 1230-жылдары Меккеде болгон. Ыр, казал, касыйда, санат-каттары менен икаяларында, «падышаларга насыяттарында» диндик, философия жана этикалык курч Maceлелерди көтөрүп, үлгүлүү жүрүш-туруш эрежелерин тутууга үндөгөн. Анын сүйүү лирикасы, философиялык-поэтикалык трактат мүнөзүндөгү «Бустан» (1257) поэмасы жана өз заманындагы адамдардын акылмандыгын, турмуш-тиричилигин, жашоо-шартын чагылдырган «Гүлстан» (1258) аттуу ыр жана кара сөз түрүндө жазылган икая-ангемелеринде адамгерчиликтин улуу идеялары даңазаланган. Ошондой эле анын элегия, сүйүү, моралдык лирика; «Таржибанд»; «Сахибдин китеби» жана башка рубаилери бар.

Булактар түзөтүү