Сабиз (лат. Daucus carota subsp. sativus) - өсүмдүк чатыр гүлдүүлөр тукумун уруусу. Сабиз эки, чанда бир же көп жылдык чөп. Жалбырагы канат сымал ичке тарамдуу 60 ка жакын түрү бар. Табигый Сабиздин (эки жылдык өсүмдүк) 60 тай түрү негизинен Жер ортолук деңиз жээгинде, Африка, Австралия, Жаңы Зеландия жана Америкада, 1 түрү КМШ өлкөлөрүндө Украина, Кавказ жана Орто Азияда кездешет. Европада биздин заманга чейин 2-кылымда өстүрүлө баштаган. Эгилме сабиз - эки жылдык өсүмдүк; биринчи жылы азык тамыры менен жалбырагы, экинчи жылы гүлдүү сабак чыгып, урук байлайт. Э г и л м е сабиз кенири белгилүү. КМШ өлкөлөрүнүн бардык жеринде өстүрүлөт. Эгилме сабиз аш сабизине жана тоют сабизине бөлүнөт. Аш сабизи кызыл же саргыч, айрым түрү сары болот. Салмагы 30-200 гга чейин жетет. Курамында 88,8% суу, 1,1% азоттуу заттар, 0,2% май, 9,2% углевод, 0,7% күл, В,, В2, РР витаминдери, айрыкча каротин (25 мг %тей) жана башка арбын болот. Тамак-ашка кенири пайдаланылат. Сабиз — баалуу тоют. Тоют сабизинин азык тамыры ак же саргыч. Сабиздин сары мирзои-304, кызыл мирзои-228 сорттору эгилет. Зыянкечтери: сабиз чымыны, шалбаа теңге көпөлөгү жана башка Илдеттери: чаңгыл кебер, жалган чангыл кебер, фомоз, жалбырак темгили, сабиз кара чириги жана башкалар.

Сабиз

Сабизтин түшүм тамыры
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Daucus carota subsp. sativus (Hoffm.) Arcang. (1882)

Синонимдер

Систематика
Уикитүрлөрдө

Сүрөт
сүрөт издөө
GRIN  446682

Колдонулган адабияттар түзөтүү