Саврасов, Алексей Кондратьевич

Саврасов, Алексей Кондратьевич (1830, Москва – 1897, ошол эле жер) – орус живописчиси-пейзажчысы. Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында окуган, 1857–82-ж. ошол жерде пейзаж классын жетектеген. Көчмө сүрөт көргөзмө өнөктүгүнө мүчө жана уюштуруучу. С-дун алгачкы чыгармаларында романтикалык эффект (“Күн бүркөөдө Кремлдин көрүнүшү”, 1851, Третьяков галереясы) көбүрөөк орун алган. 1850–60-ж. чыгармаларында түстөрдүн ички биримдигине “Сокольникидеги бугу аралы”, 1869) жарык шаңынын эмоциялык таасирин күчөтүүгө умтулган. Жөнөкөй көрүнүш аркылуу орус жаратылышынын өзгөчөлүгүн ача алган. Бул “Чар каргалар учуп келди” (1871) деген сүрөттөн көрүнөт. XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы орус пейзажчыларына (К. А. Коровин, И. И. Левитан, С. И. Светославский) зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү