Сага (байыркы скандинавия тилинде, saga - айтып берүү) - 1) байыркы ирланд жана байыркы исланд тилдеринде кара сөз түрүндө жазылган тарыхый-баатырдык эпостордун бир түрү. 8-11-кылымдарда жазыла баштап, 12-кылымда эл арасынан жыйналган. Скандинавия элдеринде азыр мындай чыгармалар улуттук баа жеткис мурас катары жогору бааланат; 2) поэтикалык баян, легенда, көлөмдүү чыгармалар да сага делет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү