Салтыков-Щедрин Михаил Евграфович

Салтыков-Щедрин Михаил Евграфович (С а л т ы к о в; жашырын аты - Н. Щ е др и н) - [15(27). 1. 1826, Тверь губерниясы, Калязин уездди, Спас-Угол кыштагы (азыркы Москва облусунун Талдом районунда), Калязин району, Спас- Угол кыштагы - 28. 4 (10. 5.). 1889, Петербург] - орус сатирик жазуучусу. 1836-38-жылдары Москвадагы Дворяндар институтунан жана 1834-44-жылдары Александр лицейинен окуган. 1852-62-жылдары «Современник», 1868-84-жылдары «Отечественные записки» журналдарында иштеген. Адабий чөйрөгө «Губерния очерктери» (1856-57) менен таанылган. С.-Щ-дин чыгармалары крепостной дыйкандардын оор турмушун сүрөттөгөн «Пошехоньедеги эзелки убак», «Пазухиндин өлүмү» жана башкалар). «Келишпестик» (1847), «Чаташкан иш» (1848) деген тунгуч повесттери бар. «Головлёв төрөлөр» (1875-80), «Азыркы идиллия» (1877-83), «Турмуштун майда-чүйдөсү (1886-87), «Жомоктор» (1882-86) жана башка чыгармалардын автору. «Чет өлкөдө» (1880-81) аттуу очерктер китебинде бурж. Европанын саясий түзүлүшүн жана адеп-ахлагын катуу сынга алган. Анын сатиралык образдары элдин коомдук аң-сезимине терең сиңген. С-дун чыг-лык салттары орус адабиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү таасир тийгизген. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган («Акылман чабан», «Аңгемелер», экөө тен - 1939, К. Эшмамбетов). 1968-жылы Киев шаарында С-дун мемориал музейи ачылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү