Салуин, Салуэн - Кытай менен Бирмадагы дарыя; бир аз бөлүгү Бирма менен Тайланддын чек арасы аркылуу агат. Узундугу 3200 км, алабынын аянты 325 миң км2ге жакын. Тангла кырка тоосундагы мөңгүдөн башталып, Юньнань жана Шань тайпак тоолорундагы терең капчыгайлар (3000 мге чейин) аркылуу агып, босого жана шаркыратмаларды пайда кылат. Төмөнкү бөлүгүндө жээк түздүктөр менен өтүп, Андаман деңизине 2 салаага бөлүнүп куят. Орт. чыгымы 6700 м3/сек; жайында ташкындайт (капчыгайларда суунун денгээли 15 м, кээде андан да жогору көтөрүлөт). Төмөнкү агымында карагай агызылып, кеме жүрөт. Чатында Моламьяйн (Бирма) деңиз порту бар.

Салуин.
Салуин.

Колдонулган адабияттар түзөтүү