Санитариялык коргоо зонасы

Санитариялык коргоо зонасы — курорттордун жана суу менен камсыз кылуучу булактардын айланасындагы суунун булгануусуна жол бербөөчү режим түзүлгөн аймак.

Катуу режимдеги зона түзөтүү

Ал катуу режимдеги (суу топтогуч жана башкы суу топтогуч курулмалар жайгашкан аймак) жана чектөө зонасынан турат. Катуу режимдеги зонада суу жүргүч коммуникацияга тиешеси жок объектилерди курууга тыюу салынат, жашыл бак-дарактар тигилип, кайтарылат. Чектөө зонасы суу топтогучтардагы суунун булгануусу гигиеналык нормативдерден ашпоосу зарыл. Жер астындагы суу булактары үчүн радиусу 250—500 м болгон чектөө зонасы белгиленет. Бул аймакта мал жана канаттуулар чарбасын жайгаштырууга болбойт. Санитариялык коргоо зонасы курорттор жайгашкан жерде анын аймагын булгануудан коргоо жана эс алуу, дарылануу үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында түзүлөт. Бул зонада курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт, анткени андан аба, топурак, суу булганып же минералдуу суу булактарынын составы өзгөрүп, климат шартына да таасир тийгизиши мүмкүн.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8