Сапарбек Касмамбетов (30.5.1934, Кочкор өрөөнү –19.01.2020, Бишкек) - манасчы, төкмө акын.

Манасчы жана төкмө Сапарбек Касмамбетов. 20.9.2016.


КР эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, "Манас-1000" юбилейлик медалынын жана "Даңк" мадалынын ээси.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн "Манас" айтыштарынын 7 ирээт жеңүүчүсү.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Сапарбек Касмамбет уулу 1934-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жайлоодо туулган.
Кочкордо окуп, таалим алган.

Ал 1972-жылы Каракол (мурдагы Пржевальск) шаарында педагогикалык окуу жайды аяктаган.

Ал эми 1982-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун фольклор бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

Ал Нарын облусунун Ат-Башы районунда мугалимдик кесипти да аркалаган.

Өмүрүнүн кыйла бөлүгүн Балыкчы шаарныда да өткөргөн.

1990-жылдардын ортосунан тартып ал Бишкек шаарында жашап келди.

Ал Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин манасчылык жана төкмөчүлүктү өнүктүрүүгө жеке салымын кошуп келди.

Ал узакка созулган оорудан кийин 2020-жылы 19-январда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун сөөгүн жерге берүү ырасымы 2020-жылдын 21-январына белгиленди.


Манасчылык өнөрдү аркалай башташы түзөтүү

Жаш чагындагы "Манас" дастанын айтып калган учурун эскерип: "Айат-пресс" басылмасына 2009-жылы ал мындай деп айткан:

"Манас" айтуу - бул өзүнчө узак кеп. Мен "Манасты" 7-8 жашыман айтып баштагам. Эч кимден таалим алган эмесмин. Саякбай Каралаевди көрүп, учурашып, убагында "Манас" айтканын угуп, таасирленгем. Саякбай Каралаевдин баласы мени менен чогуу иштеп, аганы көп көрүп калчумун. Бирок эч убакта Саякбайдан же Чалагыздан таалим-тарбия алган жокмун. Театрда чоң обончу, композитор Ж. Шералиев жана башка атактуу адамдар менен иштешип, бирге жүрдүм. Балким мага ошолордун таасири тийгендир.

Бирок талант өзүнөн-өзү жаралат. Бирөөдөн таалим-тарбия алдым деген бекер сөз. Эгер талант болбосо, канчалык күчтүү тарбия алса да ал кишиден эч нерсе чыкпайт. Жаттама болуп калат. Мынакей азыр миңден ашык саптардан оозеки айткандыгым үчүн эки китеп чыгып олтурат. "Эр Кошой", "Билерик" деген китептер жарык көрдү.

Андан сырткары мен СССР мезгилинде Академиянын өзүндө жана радио, телевидениелерге канчалаган миңдеген саптарды жаздыргам, азыр телевидениенин да, академиянын фондунда сакталуу", -- деген эле.

Семетейди жаздыруу түзөтүү

Сапарбек Касмамбет уулунан «Семетей» эпосунун «Кырк чоронун өлүмү» эпизоду (1600 сап ыр) жазылып алынган.[1] Жазылып алынган бул эпизоддун кыскача сюжети төмөнкүчө.

Атадан жаш калган Семетей Букардагы таятасынын колунда чоңоюп, жери Талас, атасы Манас экендигин энеси Каныкейден угуп, эл-жерине учурашып келүү үчүн Каракандын Актулпарын минип, Таласка аттанат. Семетейдин Таласка келе жатканын уккан кырк чоронун башчысы Кадыржан:

Энесине ок атып,
Баласына жагынсак,
Кырка байлап сойбойбу.
Укпайт какшап жалынсак,
Ашуу Музарт басабыз,
Суусамырды ашабыз.
Кырк чоро алсаң тилимди,
«Сагарт» калмак тагам бар,
Ысык-Көл жердин башында
Так ошону көздөй качабыз

(КР УИАсынын Кол жазмалар фонду, 1269 инв., 44-б.), — деп кырк чорону көкүтөт.
Анын тилин алган кырк чоро Кызарттын белин ашып, Ийри-Суунун төрүнө жеткенде кароол коюп, өргүп жатып калышат. Кырда турган кароол жигит Семетейдин келе жаткандыгын кабарлайт. Чоролор куралдарын колго алып, кырга чыгып келишет.
Семетей кырк чорону таанып, аттан түшүп аларды көздөй басат. Кырк чоро кастык кылып, ок атып каршы чыкканда Семетей аларды кырып салат. Кыргыздан чыккан эрлерди кылымдан кылымга эстей жүрсүн деп, Семетей алардын сөөгүн коюп, кара ашы менен кыркын өткөрүп, Ортоктун жайык төрүнө кырк күмбөз салдырат (Кол жазмалар фонду, 1269-ИНВ., 76-б.).

Манасты жаздыруу түзөтүү

Сапарбек Касмамбет уулу Англияга баргандагы сапарында (жылы керек) "Манас" эпосунун айтып Би-Би-Си радиосуна жаздырып келген. Аны Би-Би-Сиде иштеген Гүлнара Касмамбетова англис тилине которуп, китеп болуп чыккан (жылы, китептин маалыматы керек). Китеп англис тилинде, кыргызча варианты дискке жаздырылган.

Үй-бүлөсү, бала-бакырасы түзөтүү

Сапарбек өз бүлөсү тууралуу мындай дейт:

"Байбичем Асангүл Абдыгулова КРнын эмгек сиңирген мугалими, акын, драматург. Экөөбүздүн баш кошуп, бирге түтүн булатканыбызга элүү жылдын жүзү болду. Бир уул, беш кызды тарбиялап өстүрдүк. Бир ирет менден бирөө "канча балаң бар?" деп сураганда,
"Бир уулум иштейт борбордо,
Эки кызым Лондондо.
Бүгүн төгүлүп ырдап жатамын
Башыма бакты таалай конгондо" деп айтканым бар.
Эми минтип балдарыбыздын, неберелерибиздин ырахатын көрүп, бактылуу карыялардын катарын толуктап төрдө олтурабыз. Кудай ушуну кут кылсын".

Сапарбек Касмамбетовдун улуу уулу Сүйүнбек Касмамбетов Жогорку Кеңеште аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Кыздарынын улуусу Гүлнара Касмамбетова менен кичи кыздарынын бири Акчолпон Койчиева бүткүл дүйнөлүк Би-Би-Си радиосунун Кыргыз кызматынын продюсерлери.
Айнара Касмамбетова - Би-Би-Синин бюросунда менеджер.
Динара Касмамбетованын кесиби - технолог.
Чынара Касмамбетова - тарыхчы жана саясат таануучу. Учурда ал жол коопсуздугун чыңдоо жаатында коомдук иштерди аткарып келет.

С. Касмамбетов тууралуу баалар, пикирлер түзөтүү

Манас таануучулар Сапарбек манасчы окуяны жумшак, түшүнүктүү жана улуу эпосту кадимки жөө жомоктордөй кылып иреттүү айтканына көңүл бурушат.
Белгилүү манасчы Талантаалы Бакчиев буга бир мисал келтирди:

“Сапарбек агайдын “Манас” айтуу ыкмасы, текстинин түзүлүшү башка манасчылардыкынан өзгөчөлөнөт. Ал “Манасты” абдан түшүнүктүү кылып айтат, текстинде эски унутта калган архаизм сөздөр жокко эсе. Салттуу, классикалык текстке төп келет. Сапарбек Касмамбетов дайыма коомдун түрдүү катмарларына, жаштарга “Манасты” түшүнүктүү тилге салып, жеткиликтүү кылып айтканы менен өзгөчөлөнөт”.

Сапарбек манасчынын "Семетейдеги Үргөнч дайрасын кечип өтүп жаткан" окуясын айтканы өзгөчө дейт Бакчиев:

“Сапарбек агайдын “Гүлчоронун Үргөнч суусун кечиши” деген окуяны майын чыгарып, каймагын калпып айтып бергени өзгөчө таасир калтырат. Мен ошол эле окуяны Амантур деген манасчыдан, кийин Шаабай Азизовдон, Каба Атабековдон уккам, өзүм да айтып жүрөм. Бирок Сапарбек Касмамбетов бул окуяны айтканда, анын ажайып дүйнөсүн өзгөчө кылып баяндап берет. Ошондуктан “Гүлчоронун Үргөнч суусун кечиши” деген окуяны жумурай журт “Сапарбек манасчынын окуясы” деп баалап жүрүшөт. Бул ошого тете десем жаңылышпайм”.

Чыгармаларынын тизмеси түзөтүү

Сапарбек Касмамбетов көптөгөн чыгармалардын автору. “Эр Кошой” эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары акындын “Асыл эне”, “Билерик”, “Балыкчы баяны”, “Бала Манас” чыгармалары китеп болуп басылып чыккан.

“Манас” эпосунун окуялары англис тилинде баяндалган китеп “Singing The Kyrgyz Manas: Saparbek Kasmambetov's Recitations Of Epic Poetry” деген аталышта Лондон университетинин Азия жана Африканы изилдөө институту тарабынан даярдалып жарык көргөн. Анын редакторлору Кейт Ховард, Сапарбек Касмамбетов. [2]

Китепте “Манас” эпосунун негизги окуялары кара сөз түрүндө берилип, Сапарбек Касмамбетовдун айтуусунда CD диск түрүндө жазылып кошо тиркелген. Китеп 134 беттен турат. Китеп кыргыздардын жана жалпы эле көчмөн элдердин оозеки көркөм чыгармачылыгына кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.

  • Kasmambetov, Saparbek, Singing the Kyrgyz "Manas": Saparbek Kasmambetov's Recitations of Epic Poetry / Edited by Keith Howard. - London: Global Oriental; Har/Com edition, 2011. - SOAS. - ISBN-10: 190687638X. ISBN-13: 978-1906876388. - 134 pages.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

"Даңк" медалынын ээси.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер .

Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу.
Ал «Эл манасчысы» наамына арзып, «Залкар манасчы» сыйлыгын да алган.

Ал ошондой эле «Манас 1000» мааракелик медалы менен сыйланган.

Ал тууралуу адабият түзөтүү


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. *"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 2-т. ISBN -5-89750-035-5
  2. Kasmambetov, Saparbek, Singing the Kyrgyz "Manas": Saparbek Kasmambetov's Recitations of Epic Poetry / Edited by Keith Howard. - London: Global Oriental; Har/Com edition, 2011.