Сапат(Философия) – объектти объект кылган жана анын ички маңызын чагылдырган философиялык түшүнүк.

Аристотелдин «Категориялар» жазган «Топика» деп аталган чыгармаларында келтирилген он предикаменттердин бири.

Аристотель сапатты төмөнкүдөй төр мааниде аныктаган:

  1. туруктуу же өзгөрүлмө касиеттер;
  2. тубаса жөндөмдүүлүктөр же алардын болбошу;
  3. өзгөрүүгө дуушарланып жаткан касиеттер же абалдар;
  4. сөлөкөт, караан, сырткы түспөл.

Фома Аквинат сапатты жашоонун, болуунун же аракеттин модусу жана субстанциянын ченеми же түзүлүшү деп атаган. Сапат объекттин жалпы касиеттеринин жыйындысын чагылдырат. Касиет объекттин маңызынын айрым гана көрүнүшү болуп саналат. Мисалы: сары түс, темир балка менен согууга элпектик, чоюлчаактык ж. б. алтындын айрым белгилери анын касиетин чагылдырат. Бул касиеттердин жыйындысы анын сапатын түзөт. Демек, сапат нерселердин өтө маанилүү жана зарыл касиеттеринин жыйындысы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү