Сасанийлер мамлекети (пехл. [Ērānšahr] — «ирандыктардын (арийлердин) мамлекети»; фарс. شاهنشاهی ساسانیان‎ [šāhanšāhije sɒsɒnijɒn]) — азыркы Ирак менен Ирандын аймагында, парфян сулалеси Аршакиддердин бийлиги кулашынын жана бийликке перс сулалеси Сасанийлердин келишинин натыйжасында түзүлгөн мамлекет. Ал 224-дөн 651-жылга чейин жашаган. Кээде Сасанийлердин мамлекетине карата империя термини колдонулат[1].

Эраншахр
империя
Файл:Derafsh Kavian.JPG
224 — 652



Желек Герб
Борбор калаа Ктесифон
Тил ортофарсча, ошондой эле арамейче
Дин зороастризм, ошондой эле христианчылык, манихейчилик
Калк персиялыктар, армяндар, еврейлер, арабдар, ассирийлер, грузиндер
Өтүүчүлүк
Парфян падышалыгы
Араб халифалыгы

Сасанийлердин сулалеси Ардашир I Папакан тарабынан, Аршакид сулалесинен болгон парфян падышасы V Артабандын (фарс. اردوانArdavan) үстүнөн болгон жеңиштен кийин негизделген. Акыркы сасаний шахиншахы (Падышалардын падышасы), Араб халифалыгы менен болгон 14 жылдык күрөштө жеңилүүгө учураган III Йездигерд (632651) болгон.

Империя эң жогорку гүлдөшүнө Хосров I Ануширвандын тушунда жеткен, ал эми чегарасынын эң чоң (бирок кыска убактылуу) кеңейиши II Хосров Парвиздин (Абарвез, Апарвез, «Жеңген») — I Хосров Ануширвандын небереси жана III Ормизддин баласынын башкаруусунда жеткен, жана ага азыркы Ирандын, Ирактын, Азербайжандын, Армениянын, Афганистандын жерлери, азыркы Түркиянын чыгыш бөлүгү жана азыркы Индиянын, Сириянын, Пакистандын бөлүктөрү кирген; сасанийлердин мамлекетинин аймагы аз-аздап Кавказ, Борбордук Азияны, Араб жарымаралы, Египтти, азыркы Иорданиянын, Израилдин жана Палестинанын жерлерин камтып, Сасанийлик Иранды дээрлик Ахеменийлердин дөөлөтүнчөлүк чекке (кыска убактылуу болсо да) жеткирген.

VII кылымдын ортосунда Сасанийлердин империясы Араб халифалыгы тарабынын талкаланган жана жуткурулган.

  1. Калып:Статья