Саясий бийлик - коомдун, социалдык топтордун кызыкчылыгын чагылдырган саясий чечимдерди кабыл алуу, аны ишке ашыруу процессинде, саясий мамилелерге катышкан субъектилердин таасир көрсөткөн мүмкүнчүлүгү жана жөндөмү.

Бийлик - бул саясаттын негизи. Учурунда англ. философ, коомдук ишмер Б.Рассел саясий бийликке саясат таануунун борбордук категориясы деп аныктама берип, физика үчүн энергия түшүнүгү канчалык фундаменталдык түшүнүк болсо, каадай гана социалдык илим болбосун саясий бийлик да анын фундаменталдык түшүнүгү деп белгилеген. Саясий бийлик коомдо башкарууну ишке ашырган адамдардын биргелешкен иш-аракетин координациялоого арналган атайын институттардын пайда болушу менен удаа пайда болгон. Мамлекеттик бийлик уюм катары бийликтин субъектиси болгон калктан өзгөчөлөнүп, коомду башкарат жана андагы байлыкты бөлүштүрөт. Ал башкаруучу уюмдун субъектилери - мамлекеттик органдар (өкмөт, парламенг, сот, күч структуралары, бийликтин региондук жана жергиликтүү органдары) жана ыйгарым укукка (полномочиеге) эз болгон мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат. 20-кылымдын 2-жарымынан тартып мамлекеттердин үстүнөн караган эл аралык (БУУ, Европарламент, Европа союзунун комиссиясы, Европалык соту. б.) саясий бийликтер пайда болду; к. саясат, Саясий институттар, Саясий уюм.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4