Сегондук - феодалдык Япониядагы сёгундардын (кол башчылардын) өкмөтү (1192-1867), феодалдар диктатурасынын саясий формасы.

Феодалдар Сегондукту дыйкан кыймылдарын басуу, буржуазияга каршы күрөшүү үчүн пайдаланган. Ошол эле учурда экономикасы начар княздыктарды да көзөмөлдөп турган.

Сегондук учурунда админ, бийликти аскер сословиелери жүргүзүп, мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик, админ, жана аскер органдары бири биринен ажыраган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.