Сейсмограф (сейсмо... жана ...граф) - сейсм толкундарынан жер кыртышынын термелишин жазгыч прибор.

Сейсмограф.

Сейсмдик сигналды кабыл алгыч прибордон (сейсмометрден) жана каттагыч түзүлүштөн турат. Сейсмометрдин негизги бөлүгү - прибордун негизине бекитилген серпилгич жүк (мис.,маятник). Прибордун негизи изилденүүчү объектиге кыймылсыз орнотулат.

Объект термелгенде инерция боюнча жүк негизге салыштырмалуу кыймылдайт. Бул кыймыл азыркы сейсмометрлердин көпчүлүгүндө электр сигналына айландырылат. Ал сигнал механикалык, фотографиялык же магнит жазмалуу өзү жазгыч түзүлүштөрдө аналог формасында жазылып алынат (к. Сейсмограмма).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.