Сейф (англ, safe - зыян болбоочу, коопсуз, бекем (ишенимдүү) ) - документ, акча жана баалуу буюм сакталуучу, отко күйгүс болот үкөк (кутуча) же сандык.

Болот, темир-бетон дубалдуу, брондолгон, сырдуу тетиктүү кулпу, о. эле автомат сигнал берүү системасы менен жабдылган банкалык сактоочу жай да Сейф деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.