Селжуктар (Селжук уулдары) (орус. Сельджукиды, түрк. Selçuklular, түркм. Seljuklar, перс. سلجوقیان‎ Saljuqiyân, араб. سلاجقة‎‎ Saljuq, as-Salājiqa) – түркмөндөр, осмондор, гагауздар жана азербайжандар сыяктуу эле батыш түрктөрүнө кирген, огуздардын кынык уруусунун бир бутагы. Уламыш боюнча 955-жылы Сырдарыядагы Жендге келип конгон жол башчысы Селжуктун аты менен аталып калган; анын неберелери Тугрул бек менен Чагры бек мыкты каратуучулал болушкан. Селжуктардын жалпыбийликтүү султандары болгондор Тугрул-бек (1035, 1058—1063), Чагрыл-бектин уулу Алп-Арслан (1063—1072), Мелик-шах (1072—1092) болушкан.

Селжуктар мамлекети (1100-жыл)


955-жылы аскербашы (сүбашы) болгон Селжук Огуз мамлекетинен бөлүнүп, өзүнө караштуу огуздарды алып Женд аймагына отурукташкан жана ушул учурда ислам динин кабыл алган. Анын неберелери болгон Туурул бек менен Чагры бектен баштап, бара-бара селжук уулдары чоң мамлекет куруп, көп жоортуулдарды жасашкан. Селжук уулдары көп аймактарда өздөрүнүн бийликтерин жүргүзгөн жана кийинчерээк мамлекетин майда султандыктарга бөлүп башкарып кетишкен.

Селжуктар — түрк-перс[1][2][3][4][5] сулалеси (династия) болуп саналат.

Селжук уулдарынын бутактары түзөтүү

Дукак уулу Селжуктун уулдары: Микаил, Арслан жабгу, Муса жабгу, Йусуф инал, Йунус

1. Микаилдин уулдары: Чагры бек жана Туурул бек. Туурул бектин уулу болгон эмес.
Чагры бектин уулдары Кавурд, Алпарслан, Йакути, Сулейман

1.1. Кавурд жана анын урпактары Кирман Селжуктарын түзүшкөн.
1.2. Алпарслан султандын уулдары: Меликшах, Тутуш, Текиш, Арслан Аргун, Бөрүбарс.
  • 1.2.1. Меликшахтан Беркйарук, Мухаммед Тапар, Санжар, Махмут.
Беркйаруктан Меликшах.
Ал эми Мухаммет Тапардын уулдары Махмут баш болуп Ирак Селжуктарын негиздешкен.
  • 1.2.2. Тутуш уулдары Сирия Селжуктарын негиздеген.
  • 1.2.3. Бөрүбарстан Менгүбарс
1.3. Йакутиден Исмаил
1.4. Сулеймандан Мухаммед

2. Арслан жабгунун уулу Кутулмуш.

Кутулмуштун уулдары: Сулейман, Мансур, Девлет
Сулеймандар Түркия Селжуктарын негиздешкен

3. Муса жабгунун уулу Хасан

4. Йусуф иналдын уулу Ибрахим инал

5. Йунустун уулу Ербасан

Ирак Селжуктарынын бутактары түзөтүү

Ирак Селжуктары Махмуттан башталат.

Мухаммет Тапардын уулдары: Махмут, Месут, Тугрул, Даут, Селжукшах, Сулейманшах

  1. Махмуттан Меликшах, Мухаммед. Меликшахтан Махмут.
  2. Тугрулдан Арсланшах, Мухаммед. Арсланшахтан Тугрул. Андан Алп Арслан
  3. Сулейманшахтан Санжар

Түркия Селжуктарынын бутактары түзөтүү

Түркия Селжуктарын Сулейман-шахтан негиздеген. Сулейман-шахтын атасы Кутулмуш Селжуктун небереси болгон.

Сулейман-шахтын уулдары: Кылыч Арслан, Кулан (Давуд)

Кылыч Арсландын уулдары: Шахиншах, Месуд, Арап, Тугрул

Месуддун уулдары Кылыч Арслан, Долат (Девлет), Шахиншах
1. Месуд уулу Кылыч Арсландын 11 уулу болгон. Алар: Кутбеддин Меликшах, Рукнеддин Сулейманшах, Мухиддин Месуд, Аргун-шах, Бехрам-шах, Тугрул-шах, эң кенжеси Гыйаседдин Кейхусрев
1.1. Рукнеддин Сулейманшахтан Иззеддин Кылыч Арслан
1.2. Гыйаседдин Кейхусревдин уулдары: Иззеддин Кейкавус, Алаеддин Кейкубад, Жалаледдин Кейферидун

Сирия Селжуктарынын бутактары түзөтүү

Сирия Селжуктары Тутуштан башталат. Тутуш болсо Алпарслан султандын уулу болгон жана Меликшах султан менен бир тууган болгон.

Тутуштун уулдары: Рыдван, Дукак, Ерташ

  • Халеб султаны болгон Рыдвандын уулдары: Алп Арслан Ахрас, Султаншах
  • Дамасктын султаны болгон Дукактын уулдары: Тутуш

Кирман Селжуктарынын бутактары түзөтүү

Кирман Селжуктарынын неиздөөчүсү Кавурд Чагры Бек султандын улуу уулу болгон жана Алпарслан султандын бир тууган агасы болгон.

Кавурддун уулдары: Кирманшах, Султаншах, Хусейин, Тураншах

  • Кирманшахтын уулу Арсланшах. Арсланшахтын уулдары Мухаммед, Селжукшах
Мухаммеддин уулдары Туурулшах, Махмудшах
Туурулшахтын уулдары II.Арсланшах, II.Тураншах, Бехрамшах, Теркеншах. Бехрамшахтын уулу II.Мухаммедшах
  • Тураншахтын уулу Ираншах

Кошумча караңыз түзөтүү

Колдонулган булактар түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Решат Генч. Түрк дүйнөсүнүн кыскача тарыхы. котор. Таалай Абдиев. Бишкек 2002. ISBN 9967-21-166-0.