Селфи (англ. selfie, англис тилинен которгондо «self», — «өзүн-өзү») — дегенди түшүндүрөт. Фотокамера менен адам өзүн-өзү бет маңдайын туштап же күзгү аркылуу тарткан сүрөттөрдү селфи сүрөттөр деп коюшат. Аталган термин мобилдик телефондордун фото-кызмат көрсөтүү түзүмү өскөндөн баштап пайда болгон. Селфи сүрөттөр сунулган колдун алыстыгына жараша тартылгандыктан, адатта сүрөткө адамдын көкүрөктөн өйдө жагы гана тартылат. Замандын талабына жараша селфи жер жүзүндөгү уюлдук телефонунда фотокамерасы бар ар бир адамга жетти.

Селфи сүрөттөр түзөтүү

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • «Selfie» терминин 2005-жылы эң алгач фотограф Жим Краузе колдонгон.
  • 2012-жылы «Тайм» журналы «Selfie» сөзүн эң атактуу 10 сөздүн катарына киргизген.
  • 2013-жылы «Selfie» сөзү Оксфорддун онлайн-сөздүгүнө кирип, ошол эле жылы «Жылдын сөзү» деп таанылган.
  • Аталган термин мыйзамдуу түрдө австралиялыктардыкы деп эсептелинет.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү