Сенат (лат. senex - карыя дегенден) –

1) Байыркы Римде мамлекеттин жогорку органдардын бири. Республикага чейинки мезгилде уруу ак сакалдарынын жыйыны; республика учурунда - жогорку бийликтин мамлекеттик органы; империя тушунда - ак сөөктөрдүн таянычы болгону менен мурдагы саясий маанисинен ажыраган.

2) Бир катар өлкөлөрдө (Бельгия, Ирландия, Италия, Фрапция, АКШ, Канада, Мексика, Бразилия, Малайзия, Турция, Лесото, Либерия ж. б.) парламенттин жогорку падатасынын аты. Кээ бир өлкөлөрдө Сенат тике же көп баскычтуу шайлоо менен түзүлсө, айрымдарында мамлекет башчысы дайындайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.