Сентиментализм (фр.— сезгичтик) — адам сезимин, курчаган чөйрөнү өзгөчө сезимталдуулук менен сүрөттөп берууну, каармандардын түйшүктөрүн, кайгы-муңун көбүрөөк чагылдырууну көздөгөн адабий агым. Ал агымдын алгачкы негиздери XVIII кылымда Англияда пайда болуп, анын өнүгүшүнө буржуазиялык коомдун ичиндеги ар түрдүү карама-каршылыктар, капитализмдин алгачкы белг-леринин активдешиши таасир эткен. «Сентиментализм» деген термин англиялык жазуучу Лоренс Стерндин «Сентименталдык саякат» аттуу чыгармасынан алынып, кийин адабий агымдын наамын билдирип калган. Сентименталисттер адамдардын ички кубаныч-кайгыларына бөтөнчө маани беришкен, окурмандарды жана көрүүчүлөрдү ыйлатууга аракет жасашкан жана көп учурда бул багыттагы аракеттери турмушту ар тараптуу көрүүгө, адамды коомдук мамиледе сүрөттөөгө тоскоолдук кылган. Баяндоонун жаңы формалары: саякат күндөлүктөрү, эпистолярдык роман-повесттер өтүмдүү жанрларга айланды. Эпикалык чыгармаларда лиризм, психологизмге бөтөнчө маани берилди, тилдик жактан эмоционалдуу лексика көп колдонулду. Руссо башында турган активдүү сентименталисттер коомдук турмушту өзгөртүү маселелерин көтөрүп чыгышты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү