Сепаратор (лат. separator - бөлгүч) - катуу же суюк нерселерден механикалык аралашмаларды бөлгүч, алардан кошундуларды ажыраткыч, газдан катуу же суюк бөлүкчөлөрдү бөлүп алгыч аппарат.

Түрдүү типтеги Сепаратордун иштеши аралашмадагы компоненттеринин физикалык касиетинин түрдүүлүгүнө (форма, масса, магнит жана электр касиеттери, бөлүкчөлөрдүн тыгыздыгы, сүрүлүү коэффициенти ж. б.) негизделген.


Сепаратордун көп түрү бар. Суюктуктан эмульсияны бөлүп алууда борбордон четтөөчү Сепаратор, газды механикалык тазалоодо жана андан катуу же суюк бөлүкчөлөрдү бөлүүдө газ Сепаратору жана циклондор, данды керексиз кошундулардан арылтууда дан Сепаратору колдонулат.

Сепаратор тоо-кен өнөр жайында пайдалуу казылмаларды байытууда, химиялык өнөр жайында түрдүү аралашмадан бөлүү жана тазалоодо, куйма өндүрүшүндө формалык жана стержендик аралашмаларды даярдоодо жана тазалоодо, газ өндүрүшүндө газ скважиналарын нымдан, катуу бөлүкчөлөрдөн ж. б. кошундулардан тазалоодо, тамак аш өнөр жайында каймак, быштак алууда, сүттү тазалоодо, крахмал, ачыткы алууда пайдаланылат. Эл чарбасында магнит, күйүүчү май жана сүт Сепараторлору көп таралган. Магнит Сепаратору пайдалуу минералдарды жараксыз тектер менен пайдасыз кошундулардан бөлүп алууда, күйүүчү май Сепаратору майдан сууну жана механикалык кошундуларды бөлүүдө, сүттү тазалап, каймак менен көк сүттү бөлүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.