Сепия (грекче sepia, «сэпия» деп окулат) – сүрөт технологиясында – тунук күрөң боёк сымал, кечирээк, акварель боёкторунун тибине кирип кеткен сүрөт тартуучу материал. Европада XVIII кылымдын ортосунда колдонулган табигый С. суюк болгон жана деңиз моллюскасынын сыя чыкчу баштыкчасынан алынган. Азыркы учурда С. жасалма жол менен алынат. Ушул материал менен аткарылган сүрөт техникасы да С. деп аталат. С. менен тартылган сүрөт акварелге окшош сууну колдонуу аркылуу жумшак кыл калем менен тартылат. С. – толук каныкпаган бозомук күрөң тону менен айырмаланат, ал эми жасалма С-нын түстүк түрлөрү көп түрдүү болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү