Сийдик түтүкчөлөрү (ureteres) – омуртаклуулардын бөйрөктөрүнөн чыккан С. т., алар сийдикти табарсыка же клоакага алып барат. Бөйрөктүн 3 тибине жараша алардын 3 тиби бар - түйүлдүктөн кийинки мезгилде пронефростун С. т. гана функция аткарат (бир гана тегерек ооздууларда ), алар сийдик-жыныс үрпүнө ачылат. Адепки бөйрөктөрдүн , же мезонефростун С. т. же вольф каналчалары балыктар менен жерде-сууда жашоочуларда түйүлдүктөн кийинки мезгилде функция аткарат. Балыктарда С. т. ургаачыларында жана эркегинин кээ бирлеринде сийдик-жыныс синуска (акулалар, туюк баштуу балыктар, ганоиддер, көп канаттуу жана көпчүлүк сөөктүү балыктардын эркектеринде) же клоакага (кемирчектүү жана кош дем алуучу балыктар) ачылат. Көпчүлүк сөөктүү балыктардын С. т. табарсык менен байланышта. Амниоттордо метанефростун С. т. клоакага ачылат (сойлоп жүрүүчүлөр, канаттулар жана клоакалуу айбанаттарда), баштыктуу сүт эмүүчүлөрдө, кээ бир сойлоктордо, тирүү туучу сүт эмүүчүлөр, ошондой эле адамда С. т. табарсыка куюлат. Адамдын С. т. уз. 35 см, диаметри 7-9 мм ( жоон жери).

Сийдик түтүкчөлөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү