Синекдоха (гр. – чогуу кабыл алуу деген сөздөн) – троптун бир түрү болуп эсептелет. Мындай ыкмада бүтүн нерсе менен бөлүк нерсе, же тескерисинче, бөлүк нерсе менен бүтүн нерсе туюнтулат. Мисалы,

Жер, нан үчүн ар бир кишидей жүргөн элдин кедейи,
Бирдик менен бир кишидей жүргүлө. 
  (А. Токомбаев)
Көйкөлүшкөн көйнөктөр,
Сулуусунган кооз чачтар –
Ресторандык жаштар,
“Акылдуу” сүйлөгөн галстуктар! 
 (С. Тургунбаев)

Биринчи мисалда “жер, нан” деген сөздөр ошол гана маанилерде эмес, андан башка да көп нерселерди жалпылаштырып, өз ичине камтып турат. Ал эми экинчи мисалдагы “көйнөктөр”, “кооз чачтар”, “галстуктар” – ресторандык жаштардын буюм-теримдери, алардын өздөрүн туюнтуп, адам маанисине өтүп колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004