Синкретизм (гр.— биригишкен) — байыркы адабиятта жана фольклордо искусствонун бир нече түрүнүн бир эле чыгармачылыкта айкалышып келиши. Чыгарма аткарылууда бий, музыка, ыр, пантомимо, аралашып бир бүтүндүктү түзөт. Искусствонун мындай мүнөзү мифология менен тыгыз байланышкап. Фольклордук чыгармалардын мындай синкреттик белгиси узак убакыттар бою жашап келди жана анын элементтери азыр деле учурайт. Жазмага жетише элек айрым аралдардагы уруулардын чыгармачылыгы бүгүнкү күндө да ушундай мүнөздө өнүгүп жатканын саякатчы-изилдөөчүлөр жана фольклористтер белгилеп жүрүшөт. Кыргыз адабиятыиын тарыхында да синкретизм арбын кездешет. Мисалы: манасчылар, жомокчулар, эл ырчылары бир эле мезгилде автор (акын), аткаруучу (актер), музыкант катарында көрүнөт, анткени алар эл алдында өз өнөрлөрүн жогоруда аталган искусствонуи бир нече түрүнүн биригип келиши менен көрсөтүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү