Синоптикалык карта, аба ырайынын картасы - аба ырайына бир мезгилде жүргүзүлгөн байкоолордун маалыматы цифралар жана шарттуу белгилер аркылуу түшүрүлгөн Географиялык карта.

Синоптикалык карта (Температура).

Синоптикалык карта аба ырайын талдоо жана прогноздоо боюнча негизги материал катары колдонулат. Ал бүт Жер шары боюнча же анын кайсы бир аймагына түзүлөт.

Синоптикалык карта жер бетиндеги (жер бетиндеги байкоолордун маалыматы боюнча түзүлгөн) жана бийиктеги (атмосферанын бийик бөлүктөрүндөгү байкоолор боюнча) болуп бөлүнөт. Милдетине карай Синоптикалык картанын негизи катары түрдүү масштаб жана проекциядагы бланк картасы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.