Синтагма (гр syntagma - бирге курулган, кошулган дегенден) - кең мааниде аныктооч менен аныкталчу компоненттин ортосундагы катышка байланышы бар тил элементтеринин бардык ырааттуу катары.

Сөздөрдүн ырааты, тутуму сырткы синтагма, морфемалардыкы ички синтагма болот. Мис., «аянтча» деген сөз - ички синтагма. Анткени «аянт» синтагманын аныкталчу, -ча аныктоочу бөлүгү катары келди. Ал эми «кичинекей аянт» деген - сырткы синтагма. Мында «кичинекей» - аныктооч, «аянт» аныкталчу компонент милдетин аткарат. Tap мааниде синтагма - сөз тизмеги, ал эми сүйлөм - синтагмалардын тутат ырааты. Синтагма бир бүтүн маани туюнтуп, бир же бир нече ыргактык топтон турат.

Сүйлөмдө фраза маанилик өзгөчөлүктөргө, логикалык басымга, синтаксистик омонимияларга көз каранды. Ошого жараша ал синтагмага да түрдүүчө ажырайт. Мис., кечээ/күн суук болду; кечээ күн/суук болду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9