Сирень (Syringa).
Кадимки сирень
Кадимки сирень (Syringa vulgaris)
Илимий классификация
дүйнөсү: Өсүмдүктөр
түрү: Syringa

Сирень (лат. Syringa, L. 1753) - өсүмдүк уруусу. көп жылдык дарак.

Дарылыкка гүлү, жалбырагы колдонулат. Май жана июнь айларында гүлдөйт. Гүлүнүн жана жалбырагынын курамында эфир майы, сирингин гликозиди, фарнезол сыяктуу керектүү заттар бар.

Дарылык касиети түзөтүү

Дарынын рецеби: 2 чай кашык кургатылып майдаланган жалбырагынын үстүнө 200 грамм кайнак суу куюлат. 1 саат жылуу жерге коюп демдеген соң пайдаланууга болот. Күнүгө 3-4 маал 50 граммдан жылытып ичүү кажет. Ушул эле кайнатма тери ооруларында да колдонулат (ичилет). Андыктан жалбырагын сактап койгон жакшы.

1 стакан кайнак сууга 1 аш кашык жалбырагын же гүлүн салып демдөө кажет. Анан бир күндө 3-4 жолу бир аш кашыктан кабыл ала берүүгө болот.

  • Сирендин тобурчагынын кайнатмасы какачты кетиргендиктен, баш жууганда колдонсо болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Кыргызстан 2012" журналы.