Сирия тили - алдыңкы Азиянын арамей тилинде сүйлөгөн христиандарынын жазма тили (б. з. 5-кылымынан тартып), кийин Иран, Ирак, Сирия ж. б. өлкөлөрдөгү яковиттер менен несторийлердин сыйынуу тили.

Сирия тили чыгыш арамей диалектисинен чыккан. 5-17-кылымга таандык адабиятка бай. Сирия жазуусунун үч түрүн пайдаланат: эстрангело (эң эски), несторий жана яковит. Сирия тилинин фонетикасы, морфологиясы арамей жана иврит тилдерине жакын. Лексикасында грек жана фарс сөздөрү арбын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9