Скипидар — татаал аралашма, негизинен терпен углеводородунан С|0Н|6 турган кескин жыттуу тунук суюктук, кайноо t 153-180°С, тыгызд. 0,85-0,86г/см3 , уюлдуу эмес эриткичтерде жакшы эрийт, сууда эрибейт. С. сагыз өңдүү (кедр, карагай), чайыр сымал (ийне жалбырактуу дарактан алынган зат) түрлөрү белгилүү. С. реакцияга өтө жөндөмдүү, абада, химимялык  окистендиргичтерге (NHО 3, Сr2О3) оңой окистенет, озон, галоген, суутек галогениди, азот оксиддери менен реакцияга кирет. С. өндүрүштө лактар, боёктор, эмаль эриткичтерин, ошондой эле синтет. камфоралар, терпингидрат, майлагыч майлар, жыпар жыттуу заттар алууда сырьё катары жана мед-да, турмуш-тиричиликте кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү