Скорина Франциск (1490-жылдан мурда, Полоцк - 1541-жылга чейин Прага) - белорустун туңгуч китеп басып чыгаруучусу жана агартуучу.

1504-жылы Краков университетинде окуп, философиянын бакалавры даражасын алган. 1512-жылы Падуа университетине медицинанын доктору деген даража алуу үчүн экзамен берген. Скорива китеп басуу ишин Прагада баштаган. 1517-жылы ал «Псалтырды» славян тилинде чыгарган. 1517-19-жылдары Библиянын 19 китебин баскан. Скоринанын китептеринин көркөм жасалгасы мыкты болгон 20-жылдардын башында Вильнюска келип, азыркы СССРдин аймагында биринчи басмакана ачкан.

1522-жылы «Кичинекей жол китепчесин», ал эми 1525-жылы славян тилинде «Апостолду» басып чыгарган. Скорина басып чыгарган китептерине өзү баш сөз, корутунду сөз, эскертүү, түшүндүрмөлөрдү жазган. Анын гуманисттик идеялары чыгыш славян элдеринин коомдук-саясий турмушуна таасирин тийгизген Белорус адабий тилинин калыптанышы жана белорус жазмасынын өнүгүшү да Скоринанын ысымына байланыштуу. Өмүрүнүн акыркы жылдарыңда Прагада король Фердинандга врач жана багбан болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4