Соловьев-Седой (анык фамилиясы - Соловьёв) Василий Павлович (1907, Петербург - 1979, Ленинград) орус композитору, СССР эл артисти (1967), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1975).

Ленинград консерваториясын (П. Б.Рязановдон композиция классы боюнча) бүткөн (1936).

Соловьев - советтик ыр жанрынын көрүнүктүү чебери.

Патриотизмди, достукту даңазалаган «Ойно,менин кыягым» (1941), «Булбулдар»(1944), «Москва кечтери» (1956),«Солдат жөнүндө баллада» (1960), «Россия тууралуу ыр» (1971) ж. б. ырлардын, «Тарас Бульба» (1940; 2-ред. 1955), «Россия портко кирди»(1964) балеттеринин, «Ишенимдүү дос» (1945), «Эң ыйык» (1952),«Олимпия жылдыздары» (1962), «Он сегиз жаш» (1967), «Туулган жээкте»(1970) оперетталарынын автору.

  • Кинофильмдер менен драмалык спектаклдерге да музыка жазган.
  • 1948-64-ж. СССР Композиторлор союзунун Ленинград бөлүмү башкармасынын председатели.
  • 1957-74-ж. СССР композиторлор союзунун, 1960- жылдан РСФСР композиторлор союзунун секретары.
  • СССРЖогорку Советине (3-5-шайл.) депутат.

Лениндик сыйл. (1959), СССР мамлекеттик сыйл. (1943, 1947) лауреаты.

Үч Ленин ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.