Соловьёв, Владимир Сергеевич

Соловьёв, Владимир Сергеевич (1853—1900) — бардыгын кучагына алган философиялык системаны түзгөн, диний маанайдагы биринчи ири орус философу. Ал 29 томдон турган Россия Тарыхын жазган белгилүү тарыхчы Сергей Михайлович Соловьёвдун уулу болгон. Москва университетинин физико-математика факультетинде окуган. 1874-жылы «Батыш философиясынын кризиси (позитивисттерге каршы)» деп аталган магистрлик диссертациясын коргойт. Москва университетин бүткөндөн кийин бир жылга жакын убакыт Соловьёв Москвалык Диний Академияда окуйт.

Соловьёв, Владимир Сергеевич.

Индиялык гностикалык жана орто кылым философия жагында, ошондой эле София проблемасын илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Соловьёв Лондонго жөнөйт да, ал жерде Британ музейинде иштейт. Лондондон Египетке барат, бул анын көзүнө көрүнгөн мистикалык жышана менен байланыштырылат.

Ушундай мистикалык жышананы ал бала чагында башынан өткөрүп, ал окуя анын андан кийинки бүткүл өмүрүнө таасирин тийгизген. Бул окуя анын он жаш курагында чиркөөдө сыйынып жаткан учурда көзүнө көрүнөт, бул анын эң биринчи жоопсуз калган сүйүүсүнө байланыштуу болгон. Экинчи жолу ага Лондондо жүргөндө аян берилет, бул аян ага Египетке барууга белги берет. Соловьёвдун Египетке эмне себептен барганы эч кимге ачык белгилүү эмес, муну анын өзүнүн жеке максаттары менен гана түшүндүрүүгө болот. Каирге келип, бир нече күндөн кийин эле Каирден 200 километр аралыкта турган Фиваидага жөнөйт. Фиваида — египеттик жана христиан маданияттарынын эстеликтери сакталып калган байыркы жай. Фиваиданын мистикалык жашыруун сырлары ошол кезде каббалистика мотивдерине кызыгып жүргөн Соловьёвду өзүнө тартышы толук ыктымал.

Ал Фиваидага жалгыз, европалыкча, башына цилиндр жана пальто кийип, жөө жөнөйт. Каирден алыс эмес жерде, 20 километр аралыкта ага бедуиндер кезигип, аны карактап алышып, көздөн кайым болушат. Чөлдө жападан жалгыз жерде жатканда анын көзүнө сулуу аялдын бейнеси көрүнөт, муну ал «үч жолугушуу» деген ырында сүрөттөп жазат: Бүткүл аалам көрүнөт,
Аялзаттын жаркын элеси катарында.
Чексиз дүйнө турат батып кучагында,
Турасың жалгыз өзүң жан дүйнөмдө, көз алдымда.
Бул ыр Соловьёвдун Египетке жана Фиваидага барганын кандайдыр бир даражада түшүндүрүп бере алат.

София түшүнүгү түзөтүү

Кудайлык Акылмандыктын Софиясынын образы — аялдык назиктиктин образы Соловьёвду бүткүл өмүр бою толкундатып жана кызыктырып келген. София түшүнүгүн Соловьёв каббалалык адабияттан алган. Бул образ менен байланыштуу болгон булактарды ал Британ музейинде окуп-үйрөнөт. Теософия адабиятын окуп-үйрөнүүнүн таасири астында ал Египетке жөнөгөн. Соловьёв ошол мезгилде мистикалык эмоционалдык-кыялкечтик абалда болуп, Софиянын образы ага аял бейнелүү космостук көгүлтүр нур түрүндө көрүнгөн. Муну Соловьёв 1875-жылы өзүнүн ырында төмөнкүчө чагылдырат:
Бүгүн көгүлтүр нурга бөлөнүп,
Келди алдыма — ханышам, —
Зырп этти жүрөк термелип.
Чыккан күндүн нурунан,
Жандүйнөмө тийди жылуу жарыгы
Тээ алыста өчтү түтүн булаган
Жер отунун заардуу жалыны.
Соловьёвдун чыгармачылыгында «София» түшүнүгү олуттуу орунду ээлейт. Бул түшүнүк бүткүл дүйнө үчүн бардыгын камтуучу мааниге ээ, бирок бул жөнүндө ар түрдүү аныктамалар бар. Соловьёвдо София пассивдүү башталыш, түбөлүктүү аялдык назиктик катарында чыгат. «Кудай үчүн Анын башкасы (башкача айткандааалам) (Его другое) кылымдардан төп келген аялдык назиктик образга ээ, бирок Ал бул образ үчүн гана образ болуп калбастан, ал ушул образ менен кошулууга жөндөмдүү болгон ар бир индивидуалдуу жанда ишке ашып, көрүнүшүн каалайт. Ушундай эле ишке ашып, көрүнүүгө түбөлүктүү Аялдык назиктиктин өзү да умтулат, ал Кудайдын акылындагы аракетсиз гана турган образ эмес. Тескерисинче, толук күч — аракетке ээ болгон жандуу рухий жан. Бүткүл дүйнөлүк жана тарыхый процесс анын сансыз көп түрдөгү формада жана даражада реализацияланып, ишке ашырылышы болуп саналат» [Чыгарм. жыйн. III том].
София дүйнөнүн жаны катарында көрүнөт, анткени ал дүйнөнүн теңирлик идеясы ишке ашкан бирден бир борбор. София Логоско карата алганда Христостун денеси. Ошол эле убакта чиркөө — Христостун денеси. Демек, София дегенибиз — бул чиркөө, Теңирлик Логостун колуктусу. Ыйык кыз Мариянын образы анын ишке ашырылышы.

Александр IIIгө кайрылуусу түзөтүү

 
Владимир Сергеевич Соловьёв. Илья Репиндин иши (1891).

Египеттен кайтып келгенден кийин Соловьёв Петербургга келип жашап, Эл агартуу министрлигинин окумуштуулар кеңешине кызматка орношот. 1880-жылы «Абстрактуу негиздерди сынга алуу» деген темада докторлук диссертациясын коргойт. 1881-жылы 28-мартта көпчүлүктүн алдында лекция окуп, ал лекциясында Александр IIни өлтүргөндөргө кечирим берүү жөнүндө падыша Александр IIIгө кайрылат. Соловьёвдун пикири боюнча 1881-жылы 1-мартта Александр IIни өлтүргөн, эл эркчилерди өлүм жазасына тартуу адеп-ахлак жөнүндө христиан түшүнүгүнө карама-каршы келген. Бул Россиянын расмий чөйрөсү тарабынан Соловьёвге карата терс мамилени пайда кылган. Ал Эл агартуу министрлигинен отставкага кетет да, 1888-жылы профессордук ишмердикти биротоло таштайт.

80-жылдардагы Соловьёв тууралуу пикирлер түзөтүү

80-жылдарда Соловьёв эпископ Штроссмейердин чакыруусу боюнча Хорватиядагы Загребге келет да, ал жерде «Теократиянын тарыхы жана келечеги» деген китебин жарыялайт. Бул китебинде, ошондой эле француз тилинде, Парижде чыккан «Россия жана аалам чиркөөсү» деген китебинде Соловьёв рим-католик чиркөөсү жөнүндө оң пикир айтат. Мына ушулардын баары Соловьёв православиеден четтеп, католик болуп кетти деген пикирди пайда кылган.

Бирок бул чындык эмес болучу. Бул мезгилде ал жөн гана чиркөөлөрдү кошуунун проблемасына кызыгып жүргөн эле жана батыш, чыгыш чиркөөлөрүнүн сыртынан бөлүнүп турганына карабастан ички мистикалык байланыштарынын бузулбастыгына ишенген. Ал православие чиркөөсүнө берилген бойдон калат жана муну ал 1888-жылы Загребден кайтып келгенден кийин өзү ырастайт. Ал бир динден экинчи бир динге өтүүнү дайыма жактырган эмес жана досторунун чөйрөсүндө өзүнүн православиеден католикчиликке өткөнүн чекиндүү түрдө танган.

Өзүнүн сырткы келбети боюнча Соловьёв «аскет» (кечил) болбосо да... жабыр тарткан, тирүү скелет сыяктуу көрүнгөн. Ийнине түшүп турган коюу чачтары аны иконага окшоштурган... Анын сырткы аскет сыяктуу келбети шыңкылдап, катуу чыккан үнү менен шайкеш келбей турар эле, ал өзүнүн кайдан келгени белгисиз мистикалык күчү жана тереңдиги менен адамдарды таң калтырчу» [Трубецкой Е. Соловьёвдин дүйнө көз карашы, 2-т. 3, 18-6].

Жеке турмушу түзөтүү

 
Вл. С. Соловьёв, С. Н. Трубецкой, Грот, Н.Я., Л. М. Лопатин.

«Өзүнүн руханий бейнеси аркылуу ыйык Иерусалимди издеген, ошондуктан жердеги көз жеткис мейкиндиктерде жер кесип кыдырып өмүр өткөргөн, бардык ыйык жайларды урматтап, ага барып турган, бирок бул жайлардын эч биринде көпкө жашап турбаган селсаяк Рус жараткан жолоочуну элестеткен» [Ошонун өзүндө. ЗЗ-б].

Соловьёвдун сырткы түрү анын жашоо-турмушу башаламан болгонунан кабарлап турган. Ал иште болобу же дем алууда болобу белгилүү бир ырааттуу тартипти карманган эмес. Тамак-ашты ыраатсыз, туш келген жерде жей берген, көп кыдырып жүргөндүктөн туш келди жерде, мейманканаларда, досторунукунда же тааныштарыныкында жашаган. Ал үйлөнбөй өтөт, жеке турмуштан ага бак айткан эмес экен. Он жети жашында ал өзүнүн бөлөсү Екатерина Романовага ашык болуп калат. Бир нече жыл үйлөнүү жөнүндө убадалашып жүргөндөн кийин, Романова ага турмушка чыгуудан баш тартат. 1875-жылы Т.Л.Сухотинанын альбомуна ашык болдуң беле, эгер болсоң канча жолу ашык болдуң деген суроого жооп кылып, «Бир жолу чыныгы ашык болдум, жалпысынан 27 жолу» деп жазган экен.

Дүнүйө жана акча маселесине ал өтө кайдыгерлик менен караган, ага кызыккан эмес, акча сурагандардын баарына бере берип, өзү бир тыйынсыз отуруп калчу экен. Акчасы жок болсо, буюмдарын да кармата берип, өзү буюмсуз калчу экен. Акылына, көптү билгендигине, эрудициясына, сөзмөрлүгүнө, адамдарга үйүрлүгү жана башка нагыз адамдык сапаттарына байланыштуу отурган жерде үлпөттүн көркүн чыгарган адам болгон, коомдун ар кайсы катмарларында көптөгөн досторду күткөн. Достору менен чогуу отуруп шарап ичкенди жактырган, өзү кызыл шарапты жакшы көргөн. Ал Трубецкойго мындай деген экен: «Шарап — эң сонун реактив. Адамдын ким экендигин шарап ичкенде билесиң: ким айбан болсо ал шарап ичкенде нагыз айбан болуп калат, ким адам болсо шарап анын адамдыгын дагы жогору көтөрөт» [Трубецкой Е. Соловьёвдун дүйнө көз карашы» 1-т. 17-6].

Эмгектери түзөтүү

Владимир Соловьёвдун негизги философиялык эмгектери төмөнкүлөр: «Батыш философиясынын кризиси (позитивисттерге каршы)» (1874), «Бир бүтүн билимдин философиялык негизи» (1877), «Абстрактуу негиздерди сынга алуу» (1877—1880), «Кудайадамзат жөнүндө» (1877—1881), «Теократиянын тарыхы жана келечеги» (1885—1887), «Россия жана аалам чиркөөсү» (1889), «Махабат маңызы» (1892—1894), «Жакшылыкты актоо» (1895), «Теориялык философиянын биринчи негизи» (1897—1899), саясый-философиялык эмгектеринин ичинен анын «Россиядагы улут маселеси» (1883—1891), «Кытай жана Европа» (1890) деген чыгармаларын белгилөөгө болот.

Мындан башка да, Соловьёв тарабынан көп сандаган ырлар жазылган, алар айрым учурда анын философиялык ойлорун чагылдырып турат.

Соловьёв өзүнүн бүткүл өмүрү бою руханий эволюцияны башынан өткөрөт. Бала чагынан эле ал диний маанайда тарбияланат. Бирок 13 жаш курагында диний кризисти башынан өткөрүп, бул 1866- жылдан 1871-жылга чейин уланат. Бул мезгилде анын динден көңүлү калып, атеист болуп, икондорду бакка ыргытып салат, Бюхнердин вульгардык материализминин тарабында турат. Бирок акырындык менен, ар түрдүү философтордун чыгармаларын окуунун таасири астында атеисттик көз караштан четтеп, диний ырым-жырымды ырааттуу аткарбаса да, терең динчил адам болуп калат жана өзүнүн диний философиялык системасын түзөт.

Христоско болгон ишеними түзөтүү

Соловьёв Христоско ишенүү аркылуу гана адамзат кайра жаралууга жөндөмдүү боло алат деген бекем ишенимге келет. Илимдеги жана философиядагы прогресс, Соловьёвдун пикири боюнча, христианчылыкты ылайыксыз түргө алып келди. Чыныгы христианчылыкты калыбына келтирүү керек: «Христианчылыктын түбөлүк мазмунун өзүнө ылайык, жаңы, башкача айткандасөзсүз түрдө акыл-эстүүлүккө негизделген түргө келтирүү керек... Бирок христианчылыкты иш жүзүндө турмушка ашыруу азырынча алыс. Азырынча теория жагында, дин илими жагында дагы күчтүрөөк иш жүргүзүү керек. Бул менин негизги ишим». Мына ошондуктан христиандык православиелик философияны түзүү Соловьёвдун негизги иши болуп калат, бул философия табият илимдеринин философиялык негизи үчүн да жана адамдын адептик актык жашоо-турмушу үчүн да зор мааниси бар болгон христианчылыктын негизги догматтарын камтыйт. Соловьёвдун бардык ушул теориялык изилдөөлөрү практикалык милдеттерди чечүүгө: дүйнөнү өркүндөтүүгө, өзүмчүлдүк сезимге каршы, сүйүүнүн христиандык идеалын турмушка ашырууга, абсолюттук баалуулуктарга ээ болууга багытталган.

Чыгармачылыгынын бөлүнүшү түзөтүү

Соловьёвду ар тараптан изилдөөчүлөр бул ойчулдун чыгармачылыгын үч мезгилге бөлөт: 1) теософия, башкача айткандахристиан окуусу боюнча иштеген мезгил; 2) теократия боюнча иштеген мезгил; 3) теургия, эсхатология боюнча иштеген мезгил.
Соловьёвдун системасы — илимдин, философиянын жана диндин синтези болгон диний философияны түзүүгө жасалган аракет.
Соловьёв бизди курчап турган айлана-чөйрөдөгү дүйнөнү таанып-билүү тажрыйбанын, эмпириянын маалыматтарына таяна албайт дегенден келип чыгат, анткени ар бир кубулуш башкалар менен көп сандаган байланышта болуп турат, ал эми бул мамилелер рационалдык ойломдун жардамы аркылуу гана, башкача айткандадал ушул кубулуштун бир бүтүндүк менен болгон байланышын аңдап-билүүнүн жардамы аркылуу гана таанылып-билине алат. Ал мындай деп жазат: «таанылып- билине тургандын аң-сезимдүүлүгү тажрыйба аркылуу берилбейт, анткени биз тажрыйбада дайыма жеке жана көптөгөн чындыктар менен ишибиз болот, анткени тажрыйбада «бардыгы» да, «бүтүндүк» да жок. Таанылып-билине турган нерселердин жана кубулуштардын акыл-эс маңызы таанып-билүүчү субьектинин акыл-эси же маңызы аркылуу гана таанылып-билинет, белгилүү бир предметтин калган бардык предметтерге мамилеси биз үчүн биздин өзүбүздө жалпы бирбүтүндүк, башкача айтканда акыл-эс принциби бар экендигинен улам гана жашай алат».

Рационализм жана акыйкат түзөтүү

Абстрактуу рационализм акыйкатты таанып-билүүгө жөндөмсүз, анткени ал биздин ойломубузду бар болуп жашап турган обьективдүү дүйнө менен байланыштыра албайт. Догматикалык рационализм болсо тийиштүү мазмундан ажырап калган. Ошондуктан, эмпиризм да, рационализм да бизди акыйкатка алып келүүгө жөндөмсүз, анткени эмпиризимдин тышкы обьектилер менен гана иши болот, ал эми рационализмдин таза ойлом менен гана иши болот. Тажрыйба да, ойлом да акыйкатты ачып бере албайт, анткени акыйкат дегенибиз — бул бытие (сущее). «Акыйкаттын толук аныктамасы үч предмет аркылуу: бытие, бирбүтүндүк, баардыгы деген предметтер аркылуу көрүнөт» [Чыгарм. жыйн. 2-том, 296-6.].

Соловьёв үчүн акыйкат бүткүл бир бүтүндүктүн өзүнө таандык, ошондуктан акыйкатты таанып-билүү үчүн өз ойломубуздун чегинен чыгып, абсолюттун чегине киришибиз керек. Бул өтүү мүмкүн, анткени «бүткүл бирбүтүндүк» таанып-биле турган субьектиге карата алганда бүтүнү менен тышкы нерсе болуп саналбайт: алардын ортосунда ички байланыш болууга тийиш, бул байланыштын жардамы аркылуу субьект абсолюттукту таанып-биле алат жана абсолютта камтылып тургандардын бардыгы менен ичтен бириге алат жана ошол бардык деген нерсени чындыгында да таанып-биле алат. Акыйкаттын сөзсүз түрдө жалпылык катарында жашап тургандыгына байланыштуу гана биздин тажрыйбабыздын фактылары чыныгы реалдуулукка ээ болот, ал эми ойломубуздун түшүнүктөрү — чыныгы оң мүнөздөгү жалпылыкка ээ болот. Биздин билимдерибиздин абстрактуу алынган эки фактору тең өз өзүнчө алганда акыйкатка карата таптакыр индифференттүү келет. Алар үчүнчү фактордун — диний принциптин негизинде гана мааниге ээ». Ошентип, эмпирикалык, рационалдык жана диний аң-сезимдин синтези гана чыныгы билимдерди бере алат.

Философиянын милдети илимди, философияны жана динди универсалдуу түрдө кошууда турат. Мында реалдуулук жөнүндөгү чыныгы билим диний көз карашка, тагыраак айтканда — христиан көз карашына алып келет.

Абсолют түшүнүгү түзөтүү

Соловьёв үчүн абсолют түшүнүгү чоң мааниге ээ, бул бардык бар болуп жашап тургандардын биримдигин билдирет. Абсолют дегенибиз мазмун менен форманы шарттайт, алардын ички байланышын жөнгө салат. Ошол эле убакта абсолют өзү ар кандай аныктамадан жана бар болуп жашап туруудан эркин. Абсолюттук түпнегиз (первоначало) ар кандай бытиеден жогору турат, ошондой болсо да ал бар болуп жашап турат деп айтууга болот. «Ошентип абсолют дегенибиз жок нерсе жана бардык нерсе да; жок нерсе дейбиз, анткени ал бир нерсе эмес, бардыгы дейбиз, анткени абсолюттун бир нерсеси кем боло албайт» [1-том, 320-6.].

Абсолюттук уюлдар түзөтүү

Абсолюттук эки уюлду камтып турат: 1) абсолюттук бирбүтүндүк, бул ар кандай бар болуп жашап тургандардан жогору турат жана жашоонун оң потенциалы болуп саналат; 2) жашоонун башталышы, жашоого умтулуу — бул абсолюттун терс потенциалы, бул жашоонун жоктугун билдирет. Экинчи уюл — бул биринчи материя, терс башталыш (начало), бул оң башталыш менен аныкталат. Бытие дүйнөсү, көп сандаган жандардын дүйнөсү биринчи материянын абсолюттук менен өз ара байланышы болуп саналат. Ар бир жан өзүндө белгилүү бир күчтү ишке ашырып камтып турат жана ошону менен эле бирге өзүңдө теңирлик бирбүтүндүктүн кайсы бир тарабын камтып алып жүрөт. Бытиенин оң потенциясы Кудайга гана таандык. Адам жамандыктын бардык көрүнүштөрүн жана төп келишпестикти жеңип чыгууга умтулууга тийиш. Адам дайыма өркүндөп турат, бирок ал Кудайды сүйгөндүгүн билгизип, өз башын курмандыкка байлабаса бул иште ал ийгиликке жетише албайт.

Кудай тууралуу түзөтүү

Кудай дегенибиз — оң мүнөздөгү жок нерсе, ал ар кандай мазмун менен формадан сыртта турат. Кудай — адамзаттан тышкаркы бир неме. Кудай жашоодон эркин болгону менен, Ал үч бытиеден турат да, үчөө биригип төп болгон бирбүтүндүктү түзөт. Ыйык үчилтиктин үч ипостасы үч абсолюттук баалуулуктун: жыргалчылыктын, акыйкаттын жана сулуулуктун көрүнүшү болуп саналат. Бул үч ипостас үч баалуулукту алып жүрүүчүлөр деп түшүнүлөт жана сүйүүнүн ар түрдүү формалары болуп саналат, сүйүү дегенди Соловьёв «ар кандай ички бирбүтүндүктү, көп нерселердин ичкери тараптан келүүчү ар кандай биригүүсү» катарында түшүнөт. Анын айтканы боюнча, «жыргалчылык бардык нерсенин же баарынын бирбүтүндүгү, башкача айткандакаалаган сүйүү («маңыздуу бирбүтүндүк») болуп саналат». «Акыйкат дегенибиз ошол эле сүйүүнүн өзү, башкача айткандабаардыктын бирбүтүндүгү (единство всего), бирок: бул идеалдуу бирбүтүндүк деп атала турган обьективдүү көрүнүш катарындагы акыйкат». «Акыры келип, сулуулук дегенибиз ошол эле сүйүүнүн өзү (башкача айткандабардык нерселердин бирбүтүндүгү), бирок: бул реалдуу бирбүтүндүк катарында көрүнүүчү же туюлуп-сезилүүчү сулуулук» [III том, 102-6.].

«Абсолют жыргалчылыкты сулуулуктагы акыйкат аркылуу ишке ашырат» [Ошонун өзүндө]. Мунун баары Кудайда ишке ашат, Кудай болсо Ыйык үчилтикте да, бүткүл дүйнөгө карата болгон мамиледе көрүнүүчү сүйүүнүн өзү. Теңирлик сүйүү космостук жашоонун көп сандаган көрүнүштөрү менен тыкыс байланышкан. Жаратылган көп нерселерден турган бытиенин толуктугу - универсалдуу механизм, универсалдуу жашоо болуп саналган бирбүтүндүккө келип куюлушу аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мына ушул универсалдуу жашоо дүйнөлүк жан деп аталышы мүмкүн. Космостук организмдин руханий борбору Логос. Теңирлик түп-негиз менен дүйнөлүк жан биргелешип аракет кылганда жандуу София-Теңирлик акылмандык келип жаралат.

Адам тууралуу түзөтүү

Соловьёв үчүн адам дегенибиз — бул жаратылгандын туу чокусу. Төп келген идеал адам — Иисус Христос, Кудайадам, бул Логос менен Софиянын биригиши катарында чыгат. Соловьев мындай деп жазат: «Эгерде теңирлик жан болгон Христосто алгачкы же жаратуучу бирбүтүндүк — Теңирликтин өзү аракет кылып турган күч катарында Кудай же Логос болсо, эгерде, ошентип, биз ушул алгачкы бирбүтүндүктө Теңирлик жан катарында Христоско ээ болсок, анда экинчи, биз София деп мистикалык ат менен атаган жаратылган бирбүтүндүк адамзаттын башталышы, идеал же кадыресе адамдын өзү болот. Христос Адамдык башталышка тиешеси бар Христос бул бирбүтүндүктө адам же Ыйык жазууда айтылгандай экинчи Адам-ата болуп саналат» [Кудай-адамзат жөнүндө окуулар. VIII, бап].

Кудай адамзат жөнүндө окуу түзөтүү

Соловьёв, ошондой эле, Кудай адамзат жөнүндөгү окууну да иштеп чыгат, бул анын диний системасында маанилүү орунду ээлейт. Бул окуу адамзат тарыхын жана коомдук турмушту талдап-түшүндүрүүгө багытталган. Соловьёв үчүн Кудайадам дегенибиз — бул бир эле убакта индивидум да, Кудай аркылуу бүткүл адамзатты кучагына камтыган универсалдуу жан да. Кудайадамда жыргалчылыктын, акыйкаттын жана сулуулуктун биримдиги көрүнөт. Адамды төп келтирип өркүндөтөм деген максатты көздөп Кудай жердеги тарыхый процессте Кудайадам — Иисус Христос түрүндө көрүндү. «Өзүнүн сөзү жана өз өмүрүндөгү көрсөткөн эрдиги адеп-актык жолундагы жамандыктардын бардык азгырыктарын жеңип чыгуудан тартып, кайра тирилгенге чейин, башкача айткандаденедеги жамандыкты — өлүм менен чирүүнүн мыйзамын жеңип чыкканга чейинки мезгилде — чыныгы Кудайадам адамдарга Кудай дүйнөсүн ачып берди» [209-6.].

Кудай адам дегенибиз — бул Кудай Дүйнөсүнүн индивидуалдык көрүнүшү. Бирок адамзат да жалпысынан Кудай Дүйнөсүнүн универсалдуу көрүнүшүнө умтулат, бул адамзаттын өзү үчүн сыноо болуп саналат. Дүйнөдө бардыгы биримдикке умтулат, бул — абсолюттук өркүндөөнүн сөзсүз түрдөгү шарты. Мунун баары - жаратылыш эволюциясынын натыйжасы.

Соловьёв үчүн абсолют — бул жалпы бирбүтүндүк, ал дүйнөдө жашап бар болуп турат, ал эми дүйнө дегенибиз — бул калыптануу абалында турган жалпы бирбүтүндүк. Дүйнө дегенибиз — бул потенциялык жалпы бир бүтүндүк, башкача айткандаал жалпы бир бүтүндүктү идея катарында, теңирлик элемент катарында өзүндө камтып гана турат. Бирок дүйнө да өзүндө материалдык элементти камтып турат, ал жалпы бирбүтүндүк эмес, теңирлик элемент эмес. Бул элемент жалпыбирбүтүндүккө умтулат да, Кудай менен өзүн бириктиргенде жалпыбирбүтүн нерсе болуп калат. Жалпыбирбүтүндүктүн ишке ашышы дүйнөнүн өнүгүшү болуп саналат. Жалпыбирбүтүндүктүн теңирлик принциби дегенибиз — бул, адамдын ар бир аң-сезимдүү же аңдоосуз умтулуусунда потенциалдуу түрдө жашап турган идея.

Дүйнө өнүгүшүнүн эки этабы түзөтүү

Соловьёвго ылайык, дүйнө өз өнүгүшүнүн эки этабын: жаратылыш жана тарых этабын башынан өткөрөт. Өнүгүүнүн бул процессинин акыркы натыйжасы Кудай Дүйнөсүнүн салтанат курушу, «бул сөзсүз түрдөгү адеп-актык тартип-ырааттын чындыгынын эле өзү, же жалпы кайра тирилүү жана бардыгынын кайра калыбына келтирилишинин эле өзү» [VII том. 205-6.].

Жаратылыш эволюциясынын этабында дүйнөнүн бирбүтүндүгүнүн алгачкы баскычтары калыптанат, алар бешөө: минералдык, өсүмдүктөр, жаныбарлар, адамзат, кудайлык баскычтар. Жаратылыштын акырындык менен жүргөн эволюциясы — бул дүйнөлүк бир бүтүндүктүн өнүгүшү. Дүйнөлүк бирбүтүндүктүн эң жогорку даражасы адамзат тарыхында жетишилген.

Христиан дини тууралуу түзөтүү

Соловьёв элдердин ар бири жана ар бир раса Кудай адамзаттын организминдеги органдар болуп саналат деп билген. Христиан дининин милдети, Соловьёвдун ою боюнча, бүткүл дүйнөнү бир жандуу денеге, Кудайадамзаттын төп келишкен организмине бириктирүү болуп саналат, ал эми ар бир эл өз алдынча бул милдетке кызмат кылат. Христиан саясатын ишке ашыруу менен ар бир эл экономикалык кулчулукту жана адамды адам эксплуатациялоону жок кылууга жетишүүгө, эмгектин жана бөлүштүрүүнүн адилеттүү уюштурулушуна жетишүүгө тийиш.
Батыш менен Чыгыштын рухий маданияттарынын жакшы сапаттарын бириктирип, айкалыштыруу гана, Соловьевдун пикири боюнча, христиан маданиятынын жана эркин теократиянын түзүлүшүнө алып келет. Адамзат коомунун өнүгүшүн үч түпкү күч башкарат: биринчиси — борборго умтулуучу күч, бул бүткүл адамзатты башкы башталышка алып келип баш ийдирүү, экинчиси — борбордон качуучу күч — бул жалпы түпнегизди тануу. Үчүнчү күч өзүндө биринчи эки күчтү жаңы мазмун менен байытуу жана аларды биримдикке баш коштуруу мүмкүнчүлүгүн камтып, муну менен ал «жалпы адамзат организминин бирбүтүндүгүн» түзөт, ошондой эле ага ички бейкут турмушту камсыз кылат» [I том, 214-6.].

Соловьёв мындай дейт: «бул күч ачыкка чыгып көрүнө ала турган ошол нерселер, ошол эл — адамзат менен ошол дүйнөнүн ортосундагы ортомчу болууга жана ошол дүйнөнүн эркин, аң-сезимдүү куралы болууга тийиш. Мындай эл атайын чектелген милдетке ээ болууга тийиш эмес, ал адамзаттын жашоосунун формалары менен элементтеринин үстүндө иштөөгө чакырылган эмес, барчаланган жана өлүк сымал болуп калган адамзатка аны түбөлүктүү теңирлик түпнегиз менен бириктирүү аркылуу жан киргизип, өмүр жана бирбүтүндүктү берүүгө гана чакырылган» [Ошонун өзүндө. 224-6.].

Дал ушундай эл болууга мүмкүндүк бере турган касиеттер «Славянчылыктын уруулук мүнөзүнө, айрыкча орус элинин улуттук мүнөзүнө таандык экени талашсыз» [222-6.] — деп болжогон Соловьёв. Ал мындай деп жазат: «Биздин элибизге мүнөздүү көрүнгөнсүгөн сырткы кулдук кешпир, Россиянын экономикалык жана башка жагындагы аянычтуу абалы аны таанууга каршы себеп боло албайт, тескерисинче аны таанууну ырастоочу себеп боло алат. Анткени орус эли адамзатка алып келип ишке ашыра турган ошол бийик күч бул дүйнөлүк күч эмес, жана сырткы байлык жана тартип-ырааттуулук ал күчкө карата алганда эч кандай мааниге ээ боло албайт да. Россиянын улуу тарыхый парзы жана мындан келип чыгуучу анын жакынкы милдети сөздүн эң жогорку маанисинде алганда диний парз болуп саналат» [I том, 225-6.].

Соловьёв түзгөн диндин философиялык концепциясы конкреттүү дин, атап айтканда: православие, католицизм, протестантизм дини болгон эмес, ал универсал динди — христианчылыкты, православие жана католик диндеринин бирлигин жактаган. Бул бирдикти ал «ар бир дин өзүнүн баштапкы негизин жана өзгөчөлүгүн сактап, кастыкты жана артыкчылыкты сүрүп сала турган айкалыш катарында» түшүнгөн [Жакшылыкты актоо. 344-6.].

Ал мындай деп жазат: «Мен туткан Ыйык Рух дини кеңири жана ошону менен бирге бардык башка диндерге караганда мазмундуу келет: адам өзүнүн айрым мүчөлөрүнүн суммасы да, экстракты да болбогондой эле, ал дин айрым диндердин суммасы да, экстракты да эмес» [Чыгарм. жыйн. V том, 67-6.].

Колдонулган адабияттар түзөтүү