Сопло (чорго) - суюктуктарды же газдарды керектүү ылдамдыкка чейин күүлөндүрүүчү жана ал агымды белгилүү багыт боюнча жиберүүчү атайын профилдеги жабык канал.

Сопло - газ жана суюктук агымдарын пайда кылуучу түзүлүш. Соплонун туурасынан кесилиши тик бурчтук (жалпак Сопло), тегерек (окко симметриялуу Сопло) же ар кандай формада (мейкиндик Соплосу) болушу мүмкүн. Сопло буу жана газ турбиналарында ракета жана аба-реактивдүү кыймылдаткычтарда, газ динамикалуу лазерде, магнит-газ динамикалуу установкада, аэродинамикалык түтүктө, химиялык технологияда, агымдуу аппараттарда, чыгым өлчөгүчтөрдө, үйлөмө процесстерде ж. б-да кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.