Сорорат - (лат. эже) бир эркектин бир тууган же эки бир тууган эже-сиңдилерге үйлөнүү салты.

Американын, Азиянын, Океаниянын жана Африканын көптөгөн элдеринде кенен колдонулган салт. Полигиния шартында сорорат формасындагы үйлөнүү салтынын артыкчылыгы бар эле. Анткени күйөөсү бир болгон аялдар эч качан бир чарба жүргүзгөн эмес, ар биринин өз чарбасы болгон жана натыйжада алардын ортосунда чарбалык ж.б. чыр-чатактар көп чыгып турган. Ал эми бир тууган эже-сиңдилердин арасында андай чыр- чатак сейрек болгон. Сороратты топтук никенин калдыгы катары караган да окмуштуулардын тобу бар. Алгачкы коом бузулгандан кийин сорорат кечки формасына, тагыраак айтканда, эркектин өлгөн аялынын сиңдисине үйлөнүүсү сакталып калган. Аны көбүнчө сиңдиси өз эжесинин балдарын башка аялга караганда жакшыраак тарбиялап өстүрөрү менен түшүндүрүшөт. Сорораттын кечки формасы кыргыздарда да болгон, бирок анын баштапкы формасы жөнүндө маалыматтар сакталып калган эмес.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.