(англ. forensic pathology, нем. Rechtsmedizin, фр. médecine légale) Сот медицинасы (англ. forensic pathology, нем. Rechtsmedizin, фр. médecine légale) — медицинанын сот-тергөө иштерин жүргүзүүдө пайда болгон медициналык жана биологиялык маселелерди камтыган тармагы.
Ал объектилердин сот-медициналык экспертиза методу менен изилдөө теориясы жана практикасын өз ичине камтыйт. Сот медицинасы сот адилет милдетин гана аткарбастан саламаттык сактоону өркүндөтүү, адам патологиясынын илимий маселелерин иштеп чыгууда да чоң роль ойнойт. Сот медицинасы криминалистика, кылмыш жана граждандык укуктун, медицинанын көп тармактары менен байланышкан көптөгөн суроолорду камтыйт.