Соңку китеп: Кудайлар жана падышалар

"Соңку китеп: Кудайлар жана падышалар" (англ. Exodus: Gods and Kings, орус. Исход: Цари и боги) - 2014-жылы Ридли Скотт тарткан Инжилге негизделген британиялык-америкалык эпикалык тасма. Продюсерлер: Питер Чернин, Ридли Скотт, Женно Топпиң, Майкл Шэфер жана Марк Хаффам. Музыкасын Алберто Иглесиас, сценарийин Адам Куупер, Бил Коллаж, Жефри Кейн жана Стивен Заиллиан жазган. Тасмага тартылгандар: Кристиан Бейл, Жоел Эдгертон, Жон Туртурро, Аарон Пол, Бен Менделсон, Мария Валверде, Сигурни Уивер, Гассан Массуд, Голшифте Фарахани жана Бен Киңсли. Тасма жөөттөрдүн Муса пайгамбардын жетектөөсүндө Египеттен массалык көчүүсү жөнүндөгү Инжил эпизодунан эргүү алган жана "Соңку китепке" негизделген. Тасманы 2014-жылы 12-декабрда "20 Century Fox" чыгарган. "Соңку китеп: Кудайлар жана падышалар" ар тараптуу пикирлерге кабылган жана $140 миллион бюджет менен $268 миллион тапкан.

Тасма 2012-жылы август айында өзүн-өзү өлтүргөн Ридлинин режиссёр агасы Тони Скоттун элесине арналган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү