Спорофит - өөрчүү циклинде муун алмашылуучу өсүмдүктөрдүн жыныссыз мууну.

Гаметофит жана Спорофит.

Спорофит зиготадан өөрчүйт. Спорофитте спорангий калыптанып, анда споралар пайда болот. Жагымдуу шартта спорадан жыныстык тукум - гаметофит өсүп чыгат. Гаметалардын кошулушунан зигота, зиготадан Спорофит өсөт д. у. с.

Өсүмдүктөрдүн өөрчүү циклинде Спорофиттин ээлеген орду түрдүүчө. Жашыл жана күрөң балырлардын кай бирлеринде Спорофит менен гаметофит өз алдынча өсүп-өөрчүп, морфол. жактан анча айырмаланышпаса, мамык чеп сыяктууларда гаметофит үстөмдүк кылып, Спорофит гаметофитте спорангий түрүндө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.