Стамбулдагы аэропорттогу террордук чабуул 2016

Түркиядагы террордук чабуул 2016

Түркиянын Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортундагы террордук чабуул - Теракт 28-июндан 29-июнга караган түнү 22:00-дө (Түркиянын убактысы боюнча UTC+3) орун алган.

Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропорттундагы террордук чабуул
Чабуул болгон жер

 Түркия, Стамбул

Датасы

28 июнь 2016 жыл
22:00 (UTC+3)

Чабуулдун ыкмасы

Жардыруулар, өзүн-өзү жардыруу

Куралдары

Жардыруучу түзүлүштөр, Калашников автоматы

Каза болгондор

48 (+3 террорчулар менен )[1]

Жаракат алгандар

239 [1].

Шектүүлөр

 Ислам мамлекети

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү Түркиянын жарандары. Алардын арасында Украина , Тунис, Сауд Арабиясы, Иран, Ирак жана Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми каза болгондордун арасындагы үч адамдын өздүгү тактала элек.

Окуянын жүрүшү түзөтүү

2016 жылдын 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Ошондой эле аэропорттун унаа токтотуучу жайында атышуу болгон. Анын кесепетинен каза болгондор 43, жаракат алгандар 147ге жеткен.

Аэропортко конуучу каттамдардын баары кайтарылып, убакытылуу кабыл алуу токтогон. Жана ошондой эле адамдар полиция кызматкерлери тарабынан эвакуацияланган

Бир канча убакыттан соң полиция кызматкерлери "Террорчулар ислам мамлекети аталган террордук топко байланышы болушу мүмкүн" деген божомолдорун айтышкан.Түркия өлкөсүнүн, өкмөт башчысы Бинали Йылдырым да буга өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топту күнөөлөгөн. Бирок аталган топ бул ишти жасаганын азырынча мойнуна ала элек.

Жаракат алгандардын арасында 17 жаштагы кыргыз жараны Бактияр Юнусов да бар болгон.Ал сол колунан жеңил жаракат алган. Жаракаты жеңил болгонуна байланыштуу 30 июнь күнү ооруканадан чыгарышкан.

Каза болгондор түзөтүү

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү Түркиянын жарандары. Алардын арасында Украина, Тунис, Сауд Арабия, Иран, Ирак жана Өзбекстандын жарандары бар. Ал эми каза болгондордун арасындагы үч адамдын өздүгү тактала элек.

Теракттан каза болгондор
N: Жарандыгы Саны
1   Түркия 23
2   Сауд Арабиясы 6
3   Палестина 3
4   Иордания 3
5   Ирак 2
6   Кытай 1
7   Иран 1
8   Украина 1
9   Өзбекстан 1
10   Тунис 1
11   Чили 1
12 Жарандыгы белгисиз 2
N Баардыгы 45

Дагы караңыз түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү