Стивленд Хардевей Моррис (төрөлгөндөгү аты: Стивленд Хардевей Жадкинс; 1950-жылы 13-майда туулган) - Стиви Уандер сахна аты менен белгилүү америкалык музыкант, ырчы, ыр жазуучу, үн жазуу боюнча продюсер жана бир нече аспапта аткаруучу. Бала кезинен абдан зээндүү болгондуктан, 20-кылымдын сын-пикир жагынан да коммерциялык жактан да эң чоң ийгилик жараткан ырчылардын бири катары эсептелинет. Ал Motown Тамла менен 11 жашында келишим түзгөн. Уандер 2010-жылга чейин Motown менен биргеликте иштешүүнү улантып, аткаруу жана үн жаздыруу иштери үчүн кызматташып келген. Анын көздөрү туулгандан кийин аз өтпөй көрбөй калган.

Уандер "Кол коюлуп, мөөр басылып, жеткирилген сендикмин" (англ. Signed, Sealed, Delivered I'm Yours), "Ишенүү" (англ. Superstition), "Дүк мырза" (англ. Sir Duke), "Сен менин жашоомдун шооласысың" (англ. You Are the Sunshine of My Life) жана "Мен сени сүйөм деп айткым келет" (англ. I Just Called to Say I Love You) сыяктуу ырларды; жана "Сүйлөгөн китеп" (англ. Talking Book) , "Ички туюм" (англ. Innervisions) жана "Ырлар жашоо маңызы" (англ. Songs in the Key of Life) аттуу альбомдорун чыгарган. Ал 30дан ашуун АКШдагы эң алдыңкы ондукка кирген хит ырларды жараткан. Ошондой эле ал 25 "Грэмми" сыйлыгына ээ болуп эң көп сыйлыкка ээ болгон жеке аткаруучу мырза аталган. Ал дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашуун ыр сатуу менен, ырлары көп сатылган эң алдыңкы 60 ырчынын катарына кирген. Уандер ошондой эле саясий таасирлерге каршы активист катары таанымал. Ал Кошмо Штаттарда 1980-жылы Мартин Лүтер Киң кичүүнүн туулган күнүн майрам кылуу кыймылын жетектеген. 2009-жылы Стиви Уандер Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык элчиси аталган. 2013-жылы АКШдагы эң алдыңкы ырлар тизмегинин 55 жылдык мааракесин өткөрүү үчүн Биллборд журналы Биллборд мыкты 100 ыр тизмегин жарыялаган. Бул тизмеде Стиви Уандер алтынчы сапта болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү