Стивен Винсент "Стив" Бүшеми (англ. Steven Buscemi;/ buːsɛmi /, 1957-жылы 13-декабрда туулган) - америкалык актер жана режиссер. Бушеми Голливуддун жана Эркин кинематографиянын "Коштошуу көз карашы" (англ. Parting Glances), "Нү-Йорк окуялары" (англ. New York Stories), "Табышмактуу поезд" (англ. Mystery Train), "Кутурган иттер" (англ. Reservoir Dogs), "Айласы түгөнгөн" (англ. Desperado), "Түрмө" (англ. Con Air), "Армагеддон (англ. Armageddon), "Сары зона" (англ. The Grey Zone), "Арбактар дүйнөсү" (англ. Ghost World), "Чоң балык" (англ. Big Fish) жана "Сопрано мафиясы" (англ. The Sopranos) сыяктуу тасмаларында башкы жана экинчи пландарды ойногон. Актер бир тууган режиссерлор Коэндердин "Миллердин кесилиш жолу" (англ. Miller's Crossing), "Бартон Финк" (англ. Barton Fink), "Хадсакердин жардамчысы" (англ. The Hudsucker Proxy), "Уурдоо" (англ. Fargo) жана "Чоң Лебовски" (англ. The Big Lebowski) деген тасмаларындагы ролдору менен белгилүү. С. Бушеми Monsters корпорациясы" тарткан мультфильмде Рендел Боггстун үнун коштогон.

2010-жылдан 2014-жылга чейин, ал "Жашыруун империя" (англ. Boardwalk Empire) сериалында Енохтун ролун ойноп, АКШ киноактерлер Гильдиясынын эки сыйлыгын жана "Алтын глобус" сыйлыгын жеңип алган. Ушул эле ролу үчүн "Эмми" сыйлыгына эки номинацияда талапкер болгон. Актер 1996-жылы ""Дарак" бары" (англ. Trees Lounge) деген фильмде режиссердук дебютун ачып, роль дагы ойногон. С. Бүшеми "Айбанаттар фабрикасы" (англ. Animal Factory, 2000), "Жалгызсыраган Жим" (англ. Lonesome Jim, 2005) жана "Маектешүү" (Interview, 2007) деген тасмаларда катышкан. Актер "Көчөдөгү жашоо" (англ. Homicide: Life on the Street), "Сопрано мафиясы"(англ. The Sopranos), "Оз өлкөсү" (англ. Oz), "30 студия" (англ.30 Rock) жана "Жеки эже" (англ. Nurse Jackie) телевизиондук сериалдарда режисеер болгон. Азыркы учурда С. Бүшеми "Парк-бенч"комедиялык шоусун алып барат.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү