Сулайман — диний уламышта он сегиз миң ааламга падыша болгон легендарлуу пайгамбар. Жаратылыштагы жандуулардын бардыгы С-га багынган имиш. Библияда Соломон пайгамбар делет. "Манас" эпосунда С-дын образына эпикалык баатырлардын эрдиктерин, эр жүрөктүүлүгүн салыштыруу менен аларды өзгөчө поэтикалык формада идеалдаштырат. Мисалы, "Ошол турган Бээжинден Сулайман сурак албаган" (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 919-инв., 1640-б.), — деп легендалуу С. ала албаган Бээжинди Манастын караткандыгы айтылып, баатырдыгы даңазаланат...

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4