Султанов Мухтар Насруллаевич

Мухтар Насруллаевич Султанов (1926-1998), Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР - Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, Өзбекстандын Ички иштер министринин орун басары (1979-1985, 1989-1991 жылдары), милициянын генерал-майору.

Мухтар Насруллаевич Султанов
өзб. Султонов Мухтор Насруллаевич
Төрөлгөндөгү ысымы:

өзб. Султонов Мухтор Насруллаевич

Туулган датасы:

1926 жыл(1926)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу,  Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

1998 жыл(1998)

Өлгөн жери:

Ташкент шаары  Өзбекстан

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР
 ССРС
 Өзбекстан

Кесиби:

Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, Өзбекстандын Ички иштер министринин орун басары (1979-1985, 1989-1991 жылдары), милициянын генерал-майору.

Карьерасы:

1945 - 1991 жылдары

Багыты:

Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери

Сыйлыктары:

ССРСдин 20дан ашык ордендери жана медалдары,
Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун, Өзбек ССРынын Компартия Борбордук комитетинын, Өзбек ССР министрлер Советинин, ССРС ИИМ көп жолу ардак грамоталары менен сыйланган, ССРС ИИМ буйруктары боюнча ардактап көрсөтүүлгөн.

Өмүр баяны түзөтүү

Мухтар Султанов 15 май 1926 жылы Ош шаарында кызматчыларды үй-бүлөсундө туулган. Ал революция чейин Ош шаарынын чыгыш бөлүгүн башкарган улук аксакалы жана миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин небиреси. Анын атасы Насрулла Султанов өзүнүн агасы Балтыходжа Султанов менен бирге Ош уездинын милициясын биринчи түзүүчүлөрү болуп саналат. Анын таякеси Балтыходжа Султанов Ош уездинын милициясынын биринчи башчысы болгон (5 февраль 1918-1919 жылдары). Анын эки карындашы Ташкент шаарында жашайт, алардын бирин аты Мукаррам.

Мектепти буткөндөн кийин райком ВЛКСМ сунушу боюнча НКВД органдарына жөнөтүлгөн, анда өзүнүн кызматтык ишин Андижан облусунун ИИБ бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкеринин жардамчысы болуп баштады. Ошондой эле Ходжаабад, Ленин райондорунун милициянын бөлүмдөрүндө кызмат кылган.

1945-1946 жылдары-Ташкент милиция мектебинде окуу.

1946-1949 жылдары-Андижан облусунун ИИБ бандитизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкери.

1949-1951 жылдары-Андижан облусу Аим району милиция бөлүмүнүн башчысы.

1951-1954 жылдары-Ташкент шаары 16-милиция бөлүмүнүн башчысы.

1954-1956 жылдары-Ташкент шаары ички иштер башкармасы ОБХСС башчысынын орун басары.

1956-1968 жылдары-Андижан облусу ички иштер башкармасы (ИИБ) башчысынын орун басары.

1968-1979 жылдары-Андижан облусу ички иштер башкармасы (ИИБ) башчысы.

1979-1985 жана 1989-1991 жылдары-Өзбек ССРдын Ички иштер министринин орун басары[1].

1958 жылы Орто Азия Мамлекеттик университетин юридикалык факультетин сырттан бүтүргөн (азыркы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университети)[2]. Милициянын генерал-майору М.Н. Султанов Өзбекстанда кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана мыйзамдуулукту жана укук тартибин орнотуу учун зор салымы кошкон. Ал бир нече жолу Өзбекстан КП Андижан обкому жана горкому мүчөсү, Андижан областтык жана шаардык Кеңештердин депутаты болуп шайланган. ССРСдин 20дан ашык ордендери жана медалдары, Өзбек ССР Жогорку Совети Президиумунун, Өзбек ССРынын Компартия Борбордук комитетинын, Өзбек ССР министрлер Советинин, ССРС ИИМ көп жолу ардак грамоталары менен сыйланган, ССРС ИИМ буйруктары боюнча ардактап көрсөтүүлгөн. 23 октябрь 1998 жылы каза болгон. Ал Ташкент шаарында "Чигатай" мемориалдык комплексинде көмүлгөн[3].

Жеке жашоосу түзөтүү

Атасы - Насрулло Султонов 5 февраль 1918 жылы өзүнүн агасы Балтыходжа Султанов менен бирге Ош уездинын милициясын биринчи түзүүчүлөрү болуп саналат. Энеси - Шарофатхон Өзгөн шаарында туулган. Карындашы - Мукаррам Ташкент шаарында жашайт.

Сыйлыктары түзөтүү

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү