Сулу (лат. Avena L. 1753) – дандуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. С-нун 70тей түрү бар. Бир жана көп жылдык болуп бөлүнөт. Тарам тамырлуу, кыпча жалбырактуу, шыпыргы гүлдүү. Даны кылкандуу. Анын эгилме, Византия, бүртүктүү же кылкандуу түрү Евразияда , Австралияда кездешет. Эгилме С. – жаздык же күздүк өсүмдүк. Тамыры жерге 120 смге кирет. Машагында 1-3, кээ бир түрүндө 2-7 гүлү бар. Вегетация мезгили 80-110 күн. Жылуулукту көп керектебей нымдуу жерде жакшы өсөт. С. – негизги тоют өсүмдүгү. Данында 9-19,5 % белок, 21-55 % крахмал, 7-24 % клетчатка, 2,9–5,7 % күл, 2-11 % май жана витаминдер бар. Андан акшак, ун жана башка жасалат, саманы, чөбү жана- силосу малга берилет. Мыкты сорттору: Львов 1026, Орёл, Надежный жана башка Негизги зыянкечтери – кыл курттар, швед чымыны; илдеттери – дат, кара көсөө.

Avena sativa.

Колдонулган адабияттар түзөтүү