Суперпарамагнетизм – өз ара начар аракеттеги өтө кичине ферро же ферримагнит бөлүкчөлөрү бар заттар-дын квазипарамагниттик касиеттери.

Өлчөмдөрү (~100–10Е жана кичине) өтө кичине бөлүкчөлөр Кюри чекитинен төмөнкү температурада бир домендүү ферро же ферримагнит абалга өтөт. Бирок жылуулуктан магниттелүү бөлүкчө-лөрдө башаламан жүрөт. Натыйжада кичине бөлүкчөлөр магнит талаасында жана температура өзгөргөндө парамагниттүү газга окшошот. Бул учурда Кюри закону жана Ланжевен формуласы аткарылат. Жөнөкөй парамагнетиктерге караганда суперпарамагнетиктер күчтүү магниттелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү