Сциентизм (лат. scientia анг. Sciemce – билим, илим) – коомдун маданият системасында жана идеялык турмушунда илимдин ролун абсолютташтыруу концепциясы.

Сциентизм илимдин үлгүсү катарында табыгый илимдерди жана так илим деп аталган илимдерди алат, мисалы, математиканы. Ошону менен бирге эле илимди адамга каршы зыяндуу күч катарында баалаган ар кандай антисциентизмдин түрлөрү да кездешет. Чындыгында Сциентизм да, антисциентизм да бир жактуу, чала көз караштар. Дүйнөнүн, коомдун, адамзаттын өнүгүүсүндө бардык илимдердин ролу маанилүү, бардыгынын прогрессивдүү функциялары бар, бирок, бары бирдей деңгээлде эмес.

Сциентизмдин келип чыгышынын негизги себептеринин бири илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктери болгон. Ал эми антисциентизмдин келип чыгышына ошол илимий-техникалык жетишкендиктердин адамзатка алып келүүгө мүмкүн болгон зыяндары себеп болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү