Сынак (орус. Экзамен, лат. ехамеп – сыноо, салмактоо) – окуучулардын билимдерин текшерүүнүн бир калыпы.

Сынак биринчи жолу Кытайда, б. з. II кылымда, мамлекетке чиновниктерди тандоо үчүн колдонулса, Европада орто кылымдарда университеттерде бакалавр менен магистр даражаларына ээ болуучуларды сыноо максатында киргизилген.

XIX кылымдан баштап сынак тутуму Европанын бардык өлкөлөрүндө колдонула баштаган. Орусиянын мектептеринде, гимназияларында, элдик окуу жайларында сынак XVIII кылымдан баштап, адегенде бүтүн түрдө, андан кийин кышкы жана жайкы сынак болуп эки этапка бөлүнүп колдонула баштаган. Ал эми XIX кылымдын жарымынан баштап уездик окуу жайларда жана гимназияларда сынак билеттер боюнча жүргүзүлүп, билимдерди баалоонун беш баллдык тутуму киргизилген.

Сынак жүргүзүү тутуму мурдагы СССРдин мектептеринде жана жогорку окуу жайларында андан ары өнүктүрүлгөн. Революциядан кийин, XX кылымдын 30-жылдарына чейин бардык баскычтагы мектептерде, жыл сайын окуучуларды билим деңгээлин текшерүүнү көздөгөн сынак жүргүзүү тутуму бекитилген. Ошол эле, 1932-жылдан баштап жогорку окуу жайларына өтүүчүлөр үчүн милдеттүү кирүү сынактарын тапшыруу ишке ашырыла баштайт. Ал эми 1957-жылдан баштап, 1944-жылы киргизилген мектептердин ар бир классында класстан класска көчүрүү сынак алынып салынып, анын ордуна толук эмес орто жана орто мектептерди аяктоочулар үчүн гана бүтүрүү сынактары калтырылган.

Кыргыз Республикасынын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында СССРдин учурундагы сынак тутум негизинен сакталып келүүдө. Кийинки жылдарда тесттик сыноо (бүтүрүүчүлөр жана кирүүчүлөр үчүн) кеңири кулач жаюуда жана билимдерди текшерүүдө компьютердик техника кеңири колдонула баштады.




Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004