Сүйүүсезимдин жана эрктин башка инсанга багытталышы; сүйүктүү предметке «өзүн берүү» жана ошол эле учурда аны «өзүнүкү» кылуу, эмоциялык чекте аны менен «биригип кетүү» муктаждыгы менен коштолуучу адамзаттык жалпылык же идея.

Сүйүүгө берилгендиктин этикалык талаптарында түзүлүүчү туруктуулукка умтулууну өзүнө камтышы керек. Сүйүү эң эле эркин жана ошончолук «алдын ала болжолдонбогон» жеке адамдын ички жан дүйнөсүн туюнтуу катары келип чыгат; аны мажбурлап чакырууга да, жеңип чыгууга да болбойт. Сүйүү кубулушунун маанилүүлүгү жана татаалдыгы анын фокусунда биологиялык жана рухий, жекелик жана социалдык, интимдик жана жалпы маанидеги карама-каршылыктардын кесилишкендиги менен аныкталат.

Сүйүү түшүнүгүндө так жана жалгыз бир туура аныктама жок, анткени махабатты түрдүү окуулар ар кандай талкуулашат. Мисалы:

  • Динде — садага чалуу (өзүн же башка нерсени), чыдамдуулук, кечиримдүүлүк;
  • Философияда — адамдар ортосундагы өз ара мамилелердин эң жогорку баскычы;
  • Илимде — психикага таасирин тийгизүүчү, физика-химиялык процесстер жана абалдар;
  • Психологияда — Социализация көрүнүшү, укум-тукум улантууга умтулуу;
  • Социумда — Үй-бүлөдөгү бириктирүүчү бөлүм;
  • Искусстводо — чыгармачылыктагы эргүүнүн, стимулдун, түрткүнүн бирден кубаттуу булагы;
  • Эзотерикада — Жогоркү күчтөр тарабынан алдын-ала аныкталган энергетикалык байланыш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү